Коммуналдык кызматтарга суроо: ачык калган кудуктар качан жабылат?

Жазылуу
Эл каттаган жолдордо канализация кудуктарынын капкаксыз калышы кооптуулукту жаратууда дешет бишкектиктер.

БИШКЕК, 19-мар — Sputnik. "Бишкек сууканал", "Бишкекжылуулук тармагы" жана "Кыргызтелеком" ишканаларына тиешелүү кудуктар атайын капкактар менен жабылган эмес. Бул бир топ бишкектиктер үчүн көнүмүш көрүнүшкө айланды. Жолдун ортосунда ачык калган кудуктар автоунаалар үчүн да кооптуулук жаратып, жол кырсыгына алып келүүдө. 

Бишкек шаарынын тургуну Нина Радченко, анын үйүнүн жанындагы кудук бир канча жылдан бери эле ачык турганын Sputnik маалымат сайтына билдирди.

"Ал жөө адамдар жүрө турган жолдо жайгашкан. Алыстан келе жаткандарга байкалып турсун деп, ага бутактарды же узун таяктарды сайып коёбуз. Бул өзгөчө, түндө жарык жок учурда коркунучтуу", — деп айтты Бишкектин тургуну. 

Ирригация үчүн курулган арыктардын үстүнө орнотулган торчолор да көп учурда ыңгайсыздыкты жаратат. Жамгыр жааган учурда ал жерлерге таштанды тыгылып калып, суу көчөгө жайылып, өзгөчө, кичинекей балдар үчүн ыңгайсыздык жаралат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАчык калган кудуктар таштандыларга толот.
1/3
Ачык калган кудуктар таштандыларга толот.
© Sputnik / Табылды КадырбековАчык калган кудуктар автоунаалар үчүн да кооптуулук жаратып, жол кырсыгына алып келүүдө.
Ачык калган кудуктар автоунаалар үчүн да кооптуулук жаратып, жол кырсыгына алып келүүдө. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ачык калган кудуктар автоунаалар үчүн да кооптуулук жаратып, жол кырсыгына алып келүүдө.
© Sputnik / Табылды КадырбековИрригация үчүн курулган арыктардын үстүнө орнотулган торчолор да көп учурда ыңгайсыздыкты жаратат.
3/3
Ирригация үчүн курулган арыктардын үстүнө орнотулган торчолор да көп учурда ыңгайсыздыкты жаратат.
1/3
Ачык калган кудуктар таштандыларга толот.
2/3
Ачык калган кудуктар автоунаалар үчүн да кооптуулук жаратып, жол кырсыгына алып келүүдө.
3/3
Ирригация үчүн курулган арыктардын үстүнө орнотулган торчолор да көп учурда ыңгайсыздыкты жаратат.

Коммуналдык кызматтарга – ачык калган кудуктар менен арыктарды тазалап, шаардыктардын жана өзүңөргө караштуу жабдуулардын коопсуздугуна качан кам көрөсүңөр деген суроо узаткыбыз келип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0