Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Москвадагы парадга кыргызстандык үч ардагер барат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүВоеннослужащие на военном параде на Красной площади. Архивное фото
Военнослужащие на военном параде на Красной площади. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кызыл Аянтта өтүүчү парадга кыргызстандык үч согуш ардагери катышат.

БИШКЕК, 19-мар. – Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москва шаарындагы Кызыл Аянтта өтүүчү парадга кыргызстандан үч согуш ардагери катышат. Бул туурасына Sputnik маалымат сайтына Согуш ардагерлеринин, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана тартип коргоо органдарынын республикалык уюмунан билдиришти.

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата "Жеңиштин ысымдары" аттуу акция башталды
Кызыл Аянттагы парадга Ысык-Көл облусунун 94 жаштагы тургуну Тенти Тамашаев, Жалал-Абаддык 91 жаштагы жашоочусу Сатымкул Садыков жана Ош шаарынан 94 жаштагы тургуну Мухтар Нургазиев катышат. Аларды сапарда жакындары коштоп жүрөт. 

Москвадагы парадга катыша турган согуш ардагерлери КР Коргоо министрлиги менен биргеликте тандалып, негизги критерийлер катары саламаттыгы жана алган сыйлыктары каралган.

"Катышуучуларды Коргоо министрлиги менен макулдашып аныктадык, алган сыйлыктары да каралды. Азыр 90 жаштан ашкандардын көпчүлүгү жолдо жүрө албайт, бул жагы да эске алынды. Ден соолугу бекем, баскан-турганы тың, жакшы сүйлөй билген аксакалдарды тандадык", — деди Согуш ардагерлеринин, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана тартип коргоо органдарынын республикалык уюмунун төрагасынын орун басары Качкын Саргазаков.

Кызыл Аянтта өткөн парадга 2014-жылы үч согуш ардагери катышып келген. 

Качкын Саргазаковдун айтымында, Улу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын Москвада Кызыл Аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышууга чакыруу 1960-жылдардан бери практикаланып келет.

Кыргызстанда учурда согуштун 1113 катышуучу бар, алардын 360ы Бишкек шаарында жашайт. Өлкө боюнча тылдын катышуучуларынын саны – 5480 адам. 

Жаңылыктар түрмөгү
0