ЖККУ Донбасска тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүүгө даяр экендигин билдирди

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАскердик машыгуу. Архив
Аскердик машыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер Бириккен Улуттар уюму Донбасска тынчтык орнотуучу күчтөрдү алып кирүү зарыл деп эсептесе, ЖККУ муну кылат деп билдирди Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа.

БИШКЕК, 20-мар — Sputnik. Донбасска тынчтык орнотуучу күчтөрдү ЖККУ БУУ менен макулдашылгандан кийин гана алып кирүүгө даяр экендигин билдирди деп кабарлайт РИА Новости ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжага таянуу менен.

Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Бордюжа тынчтык орнотуучулардын катарын түзө турган ЖККУ аскерлери штаб тарабынан ушундай операциялар үчүн атайын даярдалат деп билдирди.

"Эгер Бириккен Улуттар уюму Донбасска тынчтык орнотуучу күчтөрдү алып кирүү зарыл деп эсептесе, ЖКУ муну кылат", — деди аскерлештирилген бирикменин башчысы.

Минсктеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары 

12-февралда "Нормандия төртилигинин" сүйлөшүүлөрү өзүнүн көбөйтүлгөн күчтөрү менен ыктыярчылардын жайгашкан жерлерине чабуулдарды баштаган украин күчтөрүнүн айынан Донбасстагы каатчылык кескин курчуп турган шартта өткөн. Россия, ГФР, Франция жана Украина өлкөлөрүнүн лидерлери жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар иш-чаралар белгиленип, ага 15-февралда түнкү саат 00.00до ок атууларды токтотуу, ошондой эле оор куралдарды бири-биринен алыс алып кетүү жана коопсуз тилкесин түзүү кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0