Кызылчага каршы эмдөө алган балада аллергия пайда болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүВакцинация
Вакцинация - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда баланын абалы канааттандырарлык, ал мектепке барып жатат деп Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кызылча дартына каршы эмдөөдөн кийин Чүй облусунун Панфилов районунда жашаган балада аллергия пайда болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда баланын абалы жакшы, ал азыр мектепке барып жатат.

Улуттук кампаниянын алкагында үч күн ичинде эмдөө алышы керек болгондордун 54,3 пайызы эмделген. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, эл эмдөө боюнча кампанияны жакшы эле кабыл алып, аны колдоп жатышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адиси Сергей Дешевой кызамык менен кызылчага каршы вакциналар сапатсыз деген маалыматтарды дүйшөмбү күнү, 16-мартта четке каккан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0