Нооруз Ош шаарынын Амир-Темур аймагында да белгиленди

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшНооруз
Нооруз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы Амир-Темур аймактык кеңеши жаңылануу, жандануу майрамын белгилеп, аны маданий иш-чаралар коштоду

БИШКЕК, 21-мар. – Sputnik. Нооруз майрамын Ош шаарындагы Амир-Темур аймактык кеңеши да белгилеп, ага жергиликтүү жашоочулар активдүү катышты.

Майрамдык программанын алкагында улуттардын ар кыл тамак-аштарынын көргөзмөсү уюштурулуп, улуттук каада-салттар көрсөтүлүп, элдик ыр-бийлер аткарылды. 

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу, шаардык коргонуу жана тартип сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Турсунай Айтматова, шаардык кеңештин депутаттары, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.


Жаңылыктар түрмөгү
0