Бир кылым карыткан Алыкул Осмонов бүгүнкүнүн көзү менен

Жазылуу
Кыргыз поэзиясынын уюткусун түптөгөн алп акындардын бири Алыкул Осмонов бул жазда 100 жашка чыкты. Буга чейин акын туурасында көп жазылып, арбын айтылып келди. Анын тагдыры, чыгармачылыгына бул сапар да кайрылып, кеп кылалы дедик.

БИШКЕК, 21-мар, — Sputnik. Улуу акын Алыкул Осмонов быйыл 100 жашка чыкты. Sputnik маалымат сайты анын чыгармачылыгы, көөнөрбөс мурастарын элге жеткирүү, чыгармаларынын жаштардын кабыл алышы туурасында филология илимдеринин кандидаты, акындын поэзиясын изилдеп жүргөн адис Бакытжан Мырзатаева менен сүйлөштү. 

— Жакында "Алыкул Осмоновдун поэзиясынын текстологиялык маселелери" деген темада кандидаттыгыңызды жактадыңыз, акындын чыгармачылыгы бул өңүттө кандай каралды? 

Дом музей Алыкула Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз поэзиясынын алп акыны Алыкул Осмонов бүгүн 100 жашка чыкмак
— Негизгиси, мейли акын болобу, жазуучу болобу калтырган кол жазмалары, аларга тиешелүү болгон маалыматтардын баардыгы улуттук маданиятыбыздын баа жеткис байлыгы. Ошолордун бири – биздин классик акын Алыкул Осмоновдун кол жазмалары Кыргыз Улуттук Илимдер Академиянын кол жазмалар фондунда сакталып келет. Ошонун негизинде Алыкулдун тирүүсүндө жана көзү өтүп кеткенден кийин чыккан китептерин салыштырып, кандай айырмачылыктар, бурмалоолор болгонун тактайлы деген максатта бул темага кайрылганбыз, илимий жетекчим филология илимдеринин доктору, профессор Осмонакун Ибраимович (Осмонакун Ибраимов – ред.). Улуу акындын ушул азыркы убакка чейин чолпон жылдыздай жанган классикалык чыгармаларынын жаралыш тарыхында акын узак жана түйшүктүү жолду басканын, чыгармачылык эргүүнүн түрдүү толкундарын чыдамкайлык менен көтөргөнүн дал ошол калтырган мурастарынан байкоого болот. Автордун толгонуусу, чыгармачыл процессинин жүрүшү, сыр дүйнөсүнүн ачылышы, эстетикалык оюнун өнүгүшү адепки түшүргөн жазуусунда даана байкалып, чыгарманын жаралыш тарыхынан кененирээк маалымат алууга болот.. Ошентсе да кол жазмалары менен таанышканда акын менен кошо жашагандай, анын ар бир көз ирмемин, дем алуусун, кайгы-капасын, чыгармачылык эргүүсүн ошол саргайган барактарынан туйгандай сезим пайда болот. Акын жазып жатканда эмоциясын, жашаган көз ирмемдерин кагазга төгүп таштаган да. Анын эргүүсүн, жада калса дем алуусун, бүткүл чыгармачылык процесстеринин бардыгын кол жазмаларынан туюуга болот. Ошондуктан акын кандай жазса, төкпөй-чачпай, эч өзгөрүүсүз кийинки муундарга өткөрүп берсек деген тилек болгон. 

Көзү тирүү кезиндеги жана кийинки чыккан китептерин салыштырдык. Ырас, кийинки чыккан китептеринде да айырмачылыктар бир топ экен, аны мисалдар менен далилдеп келтирдик. Алыкулдун поэзиясы кийинки муундарга кандай деңгээлде жетип жатат, акындын чыныгы жүзүн сактап бере алдыкпы, ушул биздин максатыбыз болду. Кеткен кээ бир нерселерди оңдогонго, кол жазмасы менен салыштырганга аракет кылдык, максатыбыз – дал өзүндөй кылып кийинки муундарга берсек, керек болсо анын кол жазмаларынын фото көчүрмөлөрүн, документтерин, сүрөттөрүн киргизсек дедик. Ушунун баарын Алыкулдун өсүү жолундагы тепкичтерин окурмандарга көрсөтүп берет эле. 

Алыкул Осмоновдун кол жазмасы.
1/3
Алыкул Осмоновдун кол жазмасы.
Алыкул Осмоновдун кол жазмасы.
2/3
Алыкул Осмоновдун кол жазмасы.
Алыкул Осмоновдун кол жазмасы.
3/3
Алыкул Осмоновдун кол жазмасы.
1/3
Алыкул Осмоновдун кол жазмасы.
2/3
Алыкул Осмоновдун кол жазмасы.
3/3
Алыкул Осмоновдун кол жазмасы.

— Бүгүнкүнүн көз карашы менен алганда поэзия ышкыбоздору учурдун акындарына караганда Алыкулга кайрылышат, анын сыры эмнеден деп ойлойсуз?

— Алыкулдун поэзиясынын касиети ушунда болуп жатпайбы. Дегеле поэзия жаркырап турган таланттын, ички ойду берүүсү, анын башкача ыкмада окурмандарга сунушталуусу. Алыкул акындын поэзиясынын баалуулугу — кыска-нускалыгы жана ойдун учкундай тутанып турган демин ырларына киргизе алгандыгында. Акындын саясатка кайрылган ырларына караганда ички сезими күүгө келген учурдагы турмуштук ырлары күчтүүлүк кылат. Анын себеби эмнеде? Чыныгы турмушту эч кандай боёксуз, жөн эле үстүртөдөн айтып, уйкаштыкты кубалап жазып коюу эмес, чыныгы таасирди таланттын тегирменине салып, турмушту дал өзүндөй жүрөккө жеткире бере алгандыгында. Анын касиети ушунда. Сиз айткандай эмнеге анын поэзиясына кайрылып келе беребиз, анын себеби, түбөлүктүү темаларга кайрылууда чындыктын көзүнө тике карап, өткүр сөзү менен өлүм, өмүр, жаштык, сүйүү, өксүү сыяктуу сезимдерди өзгөчө ой-туюм аркылуу бере алган. Анын баарын жан-оту, керт башы менен туйган, ал өзүнүн өмүрүнүн кыскалыгын билген, болгон күч-кубатын, сүйүүсүн, жашоосун, жаны-канын поэзияга арнаган. 

Алыкулдун башка акындар сыяктуу ден соолугу чың, үй-бүлөлүк турмушу жайлуу болсо, балким мындай ырларды жарата алмак эмес деген ой да жаралат.

— Акындын котормолоруна токтолсок… 

"Алыкул Осмонов энциклопедиясы" акындын 100 жылдыгына карата жарыкка чыкты
— Алыкул Осмоновдун котормолору туурасында айта берсе, кеп узак болчудай. Анын ичинен бирөөсүнө эле токтолсок. Алыкул Осмонов грузин акыны Шота Руставелинин "Жолборс терисин кийген баатыр" поэмасын которгон эмес. Ал чыгарманы окуп, ошонун маанисин гана алган да, каны-жанынан өткөрүп, кыргыз тилинде кайра жазып чыккан. Ошонусу менен эл арасында өзүнүн төл чыгармасында кабылданып, калк арасына алынып кетти. Анын артынан эл балдарына поэманын каармандарынын атын жапырт коё баштады. Алыкул "Жолборс терисин кийген баатырга" экинчи өмүр, экинчи канат берди десек болот. 

— Кийинки муундар акындардын акыны, берметтей чыгармалары менен кыргыз улуттук поэзиясынын уюткусу болуп турган Алыкул акындын поэзиясын баалап, түшүнө алабы? Дегеле жаштардын кабыл алуусу, кызыгуусу кандай?

— Албетте, чыныгы поэзия мезгилдин агымында, кылымдын көмүскөсүндө калбайт, жыл өткөн сайын жаркырап тура берет. Азыркы жаштарды алганда, ичинде талантты баалагандар баалап, барктай алат. Алыкулдун поэзиясы канчалык кылым эскирген сайын, алтынды дат баспаган сыңары баасы арта берет. Бул нерсени да мезгил өзү таразалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0