Ош облустук казыяттын имараты Кара-Суу районунун Фуркат айылында курулмакчы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук казыяты Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы "Ат-Термизий" мечитинин аймагына үч кабат болуп түшөт.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ош облусунун мусулмандар казыятынын комплекстүү кеңселик имараты Кара-Суу районунун Фуркат айылына түшмөй болду. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.

Борбордук мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жума намаз күнү борбордук мечиттин айланасы ирээтке салынып турат
Кыргызстан Мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушев Ош облусунун казыятынын жамааты менен жолугуп, казыяттын кеңселик имаратын курууну талкуулады. 

Имаратты Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы "Ат-Термизий" мечитинин аймагына куруу сунушталган. Муфтий жалпы жамааттын ар биринин сунуш-пикирин, альтернативаларды уккан соң, казыяттын имаратын "Ат-Термизий" мечитинин аймагына куруу боюнча чечим кабыл алынды. 

Келечекте курула турган жай үч кабаттан туруп, мечит, кеңсе, окуу залы жана мейманканасы менен комплекстүү имарат болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0