Бишкекте 6 жашар кызды уурдаганга аракет кылган киши кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүБорьба с преступностью
Борьба с преступностью - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты жашар кызды белгисиз тарапка жетелеп бараткан киши кармалды

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Үйдүн короосунда курбулары менен ойноп жаткан алты жашар тестиер кызды 24 жаштагы белгисиз киши эл жок жерге күч менен жетелеп бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирет.

Балдар бакчасынын директору: экинчи кабаттан кулаган баланын абалы жакшы
Маалыматка ылайык, аталган окуя 20-мартта болгон. Үйдүн короосунда курбулары менен ойноп жаткан балдарды "үйүңөргө киргиле" деп кубалап, алты жашар кызды күч колдонуп белгисиз тарапка жетелеп баратканда, кыз жардам сурап кыйкырган. Аны үйдө бала эмизип жаткан апасы угуп сыртка чуркап чыгып, коңшуларынан жардам сураган. Аялдын кыйкырганын ал жакта жүргөн аймактык милиция кызматкерлери угуп жардамга келишкен.

Кызды алып кетип бара жаткан жаран кармалып, Биринчи Май РИИБине алынып келип, ким экени аныкталды. Ал туруктуу иштеген иши жок, капысынан чыгып калган жумуштарды аткарып жүргөн,  24 жаштагы Ош облусунун тургуну экени белгилүү болду. 

Ал Бишкектеги №1 убактылуу тергөө жайына камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Сурак учурунда ага кыз жагып калгандыктан, аны менен "ойноп койгусу" келгенин айткан. "Эмне себептен кызды киши жок белгисиз тарапка жетелеп бараттың эле" деген суроого жооп бере алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0