Ак-Тюз. Архив

Россия шаарчаларды кайра калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга $1,5 млн бөлүп берет

65
(жаңыланган 09:38 27.03.2015)
Долбоор ЕврАзЭБнын "ЕврАзЭБга мүчө мамлекеттердин уран өндүрүүгө дуушар болгон жерлерин рекультивациялоо" эл аралык программасынын алкагында ишке ашырыла турган Кыргызстандагы кен жай таштандылары сакталган жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларга кошумча болуп эсептелет.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кен жай таштандыларына жакын калк отурукташкан жерлерди кайра калыбына келтирүүнү ичүүчү суу менен камсыз кылуудан баштоо чечилди деп билдиришти адистер бейшемби күнү долбоор менен тааныштырып жатып.

Аталган иш-чарага Жоомарт Оторбаев баш болгон Кыргызстандын министрлер кабинети катышты. Ошондой эле Россиянын КРдеги элчиси Андрей Крутько, Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмунун толук ыйгарымдуу өкүлү Александр Аванесов жана башкалар чакырылган.

Крутько "бул долбоорду киргизүү менен, Россиянын министрлер кабинети ынтымакташ өлкөгө жардам берүүнү токтотпой тургандыгын ырастагысы келгендигин" белгиледи.

Долбоорду Россия өкмөтү каржылайт. Ал Миң-Куш, Кажы-Сай, Орловка, Борду айылдарынын тургундарына жардам көрсөтүүгө 1,476 миллион доллар бөлүп берди. Программа "Росатом" мамлекеттик корпорациясы тарабынан 2013-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат жана ал 2018-жылга чейин эсептелген.

Уулу калдыктар көмүлгөн жайга жакын калк отурукташкан жерлерди кайра калыбына келтирүү долбоору боюнча жардам көрсөтүү жергиликтүү тургундарга уран көмүлгөн жайлардын зыяны жөнүндө маалыматын жогорулатуу, социалдык-экономикалык инфраструктураны калыбына келтирүү жана кирешелүү иш-аракеттерди өөрчүтүү багыттарында болмокчу. 

2013-жылдын 20-декабрында Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы "Борбордук Азияда радиациялык коопчулуктун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу" деп аталган резолюцияны кабыл алып, аны Россия жана башка бир катар өлкөлөр колдогон. Анын кабыл алынышы КРде жана Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринин аймагында көмүлгөн уранга байланышкан көйгөйлөргө дүйнөлүк коомчулуктун көңүл буруусу жогорку баскычка көтөрүлгөн. Бул маселелерди чечүүнүн үстүндө бир топ жылдардан бери РФ менен КРдин ж.б. мамлекеттердин өкмөттөрү Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы, МАГАТЭ, Росатом, Европалык биримдик, Дүйнөлүк банк ж.б. эл аралык уюмдар жана донор мамлекеттер менен тыгыз иштеп келе жатат.

65
Белгилер:
кайра калыбына келтирүү, таштандылар сакталган жай, долбоорлор, Росатом, дүйнөлүк банк, МАГАТЭ, ПРООН, Евразиялык экономикалык биримдик, Александр Аванесов, Андрей Крутько, Жоомарт Оторбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Крутько: Кыргызстан менен Россия — тең укуктуу стратегиялык өнөктөштөр
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

7
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

7
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды
ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии

УКМК: Абхазиядан унааларды мыйзамсыз ташуу схемасы аныкталды

78
(жаңыланган 17:43 14.06.2021)
9-июнь күнү "Чалдыбар" өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Volvo унаасы менен жүргүнчү ташыган сегиз автоунааны ташып келе жаткан Кыргызстандын И.Т.К. аттуу жараны кармалган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Маалыматка караганда, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Экономикалык контрабанда") каралган кылмыш белгилери боюнча иликтөө жүргүзүлгөн
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Жүк ташуучу унаа сегиз автоунаасы менен айып короого киргизилди
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ЕАЭБдеги Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, бажы жол-жобосун сактабастан Абхазиядан алып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды

Маалыматка караганда, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Экономикалык контрабанда") каралган кылмыш белгилери боюнча иликтөө жүргүзүлгөн.

"9-июнь күнү "Чалдыбар" өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Volvo унаасы менен жүргүнчү ташыган сегиз автоунааны ташып келе жаткан Кыргызстандын И.Т.К. аттуу жараны кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле автоунааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылган:

  • Абхазиянын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;
  • Абхазиянын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;
  • Армениянын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;
  • Армениянын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;
  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын мамлекеттик жасалма бир номери.

Жүк ташуучу унаа сегиз автоунаасы менен айып короого киргизилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ЕАЭБдеги Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, бажы жол-жобосун сактабастан Абхазиядан алып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат.

Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек. Андан кийин бул унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек же бажы жол-жобосунан өтүшү керек.

78
Белгилер:
мыйзам, Евразиялык экономикалык биримдик, бажы, Абхазия, УКМК, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн