Шапар чыры менен Опера жана балет театрынын директору кызматынан алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековТеатр оперы и балета имени Абдыласа Малдыбаева
Театр оперы и балета имени Абдыласа Малдыбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү кечинде аталган театрдын сахнасында тасмал жайылып, ишкерлер жана шаардык кеңештин депутаты туулган күн белгилөө кечесине катышкан.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин буйругуна ылайык, Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатов кызматтан алынды.

Опера жана балет театрынын сахнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аманкулов шаар депуттары шапар теппегенин айтып, ЖМКны сотко берээрин билдирди
23-март күнү кечинде аталган театрдын сахнасында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары шарап ичип, шапар тээп жүргөнү боюнча маалымат тараган. Алгач шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов баштаган депутаттар театрда уюштурулган кечеге барган деп жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан. Бирок, Аманкулов депутаттар жана өзү аталган кечеде болбогонун айтып, мындай маалыматты тараткан ЖМКлардан кечирим суроону талап кылган.

Театрдын жетекчисинин орун басары Ишенбек Мамбетов бул күнү театрда чындап эле кишилер болгонун, алар театрга жардам берип келген демөөрчүлөр экенин билдирген.

Шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков Facebook социалдык тармактагы баракчасына театрда уюштурулган кечеге барганын жазган. Ал жакта тааныштары туулган күнүн белгилеп, аны да чакырган. Өнүккөн цивилдүү мамлекеттерде театрлардын залдарын ижарага берүү катардагы көрүнүш экенин белгилеп, мындай ыкма менен алар өз чыгымдарын жаап келерин жазган. 

"Ким кандай иш-чара өткөрүп жатканына башкалардын кандай тиешеси бар. Мен тараптан кандай күнөө кетти? Мени чакырды, мен бардым, — деп жазган.

Всех приветствую дорогие друзья и средства массовой информации! Хотел прокомментировать про вчерашнее мероприятие моих з…

Posted by Жумабек Салымбеков on 24 Март 2015 г.

Ишкерлердин мындай аракетине жол берген театр жетекчилигине карата катуу чаралар көрүлө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0