Мамкаттоо кызматы: Сокулуктун жашоочуларынын биометрикалык маалыматтары жоголгону чын

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда
Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулук районунун жашоочуларынын биометрикалык маалыматтарын топтогондор маалыматтар жазылган флешканы жоготуп алышкан.

БИШКЕК, 27-мар — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Дастан Догоев жума күнү өткөн тегерек столдо Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарчасынын жашоочуларынын биометрикалык маалыматтары сакталган флешка жоголуп кеткендигин тастыктады.

Анын айтымында, флешка жоголуп кеткендиги аныкталган. Коопсуздук боюнча иш алып барган органдар кызматтык иликтөө жүргүзүү демилгесин көтөрүштү. 

"Буга жоопкер болгон кызматкерлер түшүнүк кат жазды", — деп айтты чиновник. 

Сбор биометрических данных - Sputnik Кыргызстан
2014-жыл: 1,9 млн. жакын киши биометрикалык маалыматтарын тапшырды
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу республикада 2014-жылдын август айында башталган. Кыргызстандын 16 жаштан жогорку тургундары стационардык жана мобилдик борборлорго паспорту менен келиши керек. Алар бармак изи, карегинин санариптик көчүрмөсүн жана кол тамгасын тапшырат. Биомаалымат тапшыруу милдеттүү түрдө, ал эми биометрикалык паспорт берүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. 

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча 16 жаштан жогорку 1 миллион 878 миң 448 киши биометрикалык маалыматтарын тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0