Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып, КМШ аймагын камтыган эл аралык иш-чараны өткөрүү кезеги Кыргызстанга келди.

"Эскерүү эстафетасы" менен "Жашыл толкун" кезеги Кыргызстанга жетти

68
(жаңыланган 14:08 27.03.2015)
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып, КМШ аймагын камтыган эл аралык иш-чараны өткөрүү кезеги Кыргызстанга келди. Бишкектеги Өчпөс оттон алынган тамызгы Санкт-Петербург шаарына жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Жеӊиш аянтында 27-мартта Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган "Эскерүү эстафетасы" жараяны өтүп, ага КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын демилгеси менен уюштурулган бул иш-чарага ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар, КМШ ПАА делегациясы, согуш ардагерлери, өкмөт менен Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, студенттер менен окуучулар катышты.

Салтанаттуу иш-чара Жеӊиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюу менен башталды. Алдыӊкы катарда Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери – Ленинградды коргоонун катышуучусу Анна Кутанова, ошондой эле Санкт-Петербургдан келген меймандар – Григорий Куприященко, Вячеслав Лялин, Петр Александров турду.

Иш-чара жүрүшүндө төрага Жээнбеков чыгып сүйлөгөн соӊ, КМШ ПАА Кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенконун видеокайрылуусу көрсөтүлдү. Андан сырткары, Согуш арадагерлеринин республикалык кеӊешинин төрагасы Тарас Токомбаев, РФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин комитет мүчөсү Анатолий Лисицын, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Кыргыз улуттук аскер лицейинин 3-курсунун тарбыялануучусу Мырзакан Мамашев чыгып сүйлөдү.

Иш-чара алкагында Түбөлүк оттун тамызгысын берүү аземи болду. Тамызгы салынган куту КМШ ПАА делегациясы тарабынан Санкт-Петербург шаарына жеткирилет.

Иш-чара "Жашыл толкун" деп аталган Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгынын урматына көчөт отургузуу менен аяктады.

КМШ ПАА делегациясы иш-сапарынын алкагында Жогорку Кеӊештин төрагасы менен жолугушат. Ошондой эле, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине жана Ленинград блокадасынын катышуучуларына арналган эстеликке гүл коёт.

Эске салсак, "Жашыл толкун" жараяны ушул жылдын 11-мартында Белоруссиянын Минск шаарында башталып, андан ары Баку (Азербайжан), Кишинев (Молдова) шаарларында улантылган.

КМШ өлкөлөрүнүн баарынан алынган Түбөлүк от тамызгылары Санкт-Петербург шаарына жеткирилет. 16-апрель күнү КМШ ПААнын штаб-квартирасы жайгашкан Таврия сарайынын алдында өтүүчү салтанатта аталган ассамблеяга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан Шериктештиктин символу катары от тамызгылары бир отту тутантмакчы.

КМШ ПАА факели андан ары "Ленинграддын каарман коргоочулары монументине" берилмекчи.

68
Белгилер:
өчпөс от, Улуу Ата Мекендик согуш, Улуу Жеңиш, Парламенттер аралык ассамблеясы, Мырзакан Мамашев, Кубанычбек Кулматов, Тарас Токомбаев, Петр Александров, Вячеслав Лялин, Григорий Куприященко, Анна Кутанова, Асылбек Жээнбеков, Бишкек, Минск, Санкт-Петербург, Баку, Кишинёв
Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
Тема боюнча
Жумада Бишкекке Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык "Эскерүү эстафетаcы" келет
Жеңиш эстафетасы ЕАЭБнын түштүк-чыгыш алдыңкы постуна келет
Бишкектеги түнкү жарыш. Архивдик сүрөт

Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт

82
(жаңыланган 22:29 19.06.2021)
Башында мелдеште 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды.

  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 4
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды

Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт.

Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда. Баш калаада жарыш үчүнчү ирет өтүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, быйылкы жарышта катышуучулардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кара-Балтадагы Улуттук Кызыл Ай коомунун балдар кризистик борборуна берилет. Аталган жайда эки жаштан 18 жашка чейинки 25 бала жашайт. Алар жетим балдар, мигранттардын балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп саналат.

Спорттук иш-чарада каалоочулар футболка, рюкзак сатып алып же диагностикадан өтүп балдар борборуна жардам бере алышат.

82
Белгилер:
спорт, жарыш, Бишкек
Тема боюнча
Көпкө күттүргөн жарыш. "Жаз деми" марафонунан видео
Ала-Тоо аянты. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

35
20-июнга караган түнү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча ала булут каптап турат. Кээ бир райондордо кыска убакытка жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас облусунда +25...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +29...+34, Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын өрөөнүндө +16...21 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто +31...+33, Чолпон-Атада +17...+19, борбор калаада +26...+28 градуска жетери маалымдалды.

35
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Ош облусунун айрым жерлеринде үч күнгө жарык өчүрүлөт. Тизме