Кулбатыров: шаардын башкы планына ылайык, Ош аэропорту башка аймакка көчүрүлөт

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүВ городе Ош в Киргизии
В городе Ош в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын жылдын аягына чейин даяр боло турган башкы планына ылайык, Ош аэропорту башка аймакка көчүрүлөт.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ош шаарынын башкы планына ылайык, Эл аралык Ош аэропорту шаардын башка тарабына көчүрүлөт. Бул туурасында Ош шаарынын башкы планын талкууланып жаткан учурда долбоордун башкы архитектору Жанузак Кулбатыров билдирди.

Анын айтымында, жылдын аягына чейин Ош шаарынын башкы планы даяр болот жана аны чийүүдө коомчулуктун пайдалуу делген пикирлери эске алынат. 

"Эгерде пайдалуу болса, шаардын башкы картасын чийүүдө жергиликтүү тургундардын, жарандык секторлордун сунуштары эске алынат. Долбоордун башкы башкы өзгөчөлүгү катары — эл аралык аба каттамын жөнгө салуучу аэропорттун башка жакка көчүрүлөрүн белгиленди. Азыркы пайдаланып жаткан аэропорт да башкы планда калат", — деп билдирди Кулбатыров.

Ош шаарынын башкы планында көп кемчилик бар экендиги айтылууда - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын башкы планында көп кемчилик бар экендиги айтылууда
Эл аралык Ош аэропорту Фергана өрөөнүндөгү ири аба майдандарынын бири, пайдаланууга 1974-жылы берилген. КРдин аймагындагы көлөмү боюнча экинчи аэропорт, жылына 1 миллионго жакын жүргүнчүнү кабыл алат. Аба ырайынын катаал шарттарында Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аба майданына кошумча кызмат көрсөтөт. Ош шаарынын түндүгүнөн 9 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0