Балдарды бала бакчага электрондук түрдө кабыл алуу киргизилди

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүДетский сад "Солнышко" сети частных садов в Калининграде
Детский сад Солнышко сети частных садов в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программа ата-энелерге бирдей мүмкүнчүлүк берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде паракорчулукту жоюуга арналган.

БИШКЕК, 31-мар — Sputnik. Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдарды электрондук түрдө кабыл алуу киргизилгенин КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Работа детского сада. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Арабөк калган бала бакчалар
Программа ата-энелерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде паракорчулукту жоюуга арналган. Программаны киргизүү премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин тапшырмасы менен киргизилген. 

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында балдарды бала бакчаларга электрондук негизде кабыл алуу колдонулууда. Ар бир ата-эне баласы канчанчы тизмеде экенин edubishkek.kg (Бишкек) жана oshbilim.kg (Ош) даректери аркылуу көрө алат.

Учурда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кирүү үчүн Бишкек шаарында 1 549 бала жана Ош шаарында 1 700 бала катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0