Адис: Бишкектеги таранчы менен чыйырчыктар экологиянын начардыгынан азаюуда

Жазылуу
Чар жайыт жүргөн курулуштар кара чыйырчык менен таранчылардын байырлаган аймактарын тарытып, алардын азайышын шарттап жатат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнөн, сейил бактардан кара чыйырчык менен таранчылардын азайып жатканынын себептерин Улуттук илимдер академиясынын зоология лабораториясынын илимий кызматкери Аскар Давлетбаков Sputnik сайтынын кабарчысына айтып берди.

Анын айтымында, көп убакыттан бери борбор калаанын парктарын байырлаган кара чыйырчыктар менен таранчылардын азайып жатышына – эволюциялык жана антропогендик факторлор себеп болууда.

Афган чыйырчыгы башкача айтканда, майна бир канча жыл мурун пайда болгон. Илимий кызматкер Аскар Давлетбаковдун айтымында, эки канаттуунун жашаган, тамактанган, уялаган экологиялык аймагы бир болгондуктан алардын ортосунда биологиялык атаандаштык пайда болду. 

"Эволюциялык процессте афган чыйырчыктары жашоо шартка бат ыңгайлашып, ийкемдүү болгондуктан кара чыйырчыктарды биологиялык жол менен мурда жашап келген аймактарынан сүрүп чыгарып жатат. Афган чыйырчыктары бардык шартта, бардык жерде жашап кете ала тургандыгын көрсөтүүдө", — дейт ал.

Кара чыйырчыктардын азайышына антропогендик жол да таасирин тийгизүүдө. Башкача айтканда канаттуулардын түнөк жайы болуп келген бак-дарактардын кыйылышы, кара чыйырчыктардын санынын азайышына алып келди.

"Советтер союзу ыдырагандан кийин көптөгөн бактар кыйылды. Алар менен кошо чыйырчыктардын жашаган аймактары тарып, жем таап жей турган, башка куштардан жашына турган жерлери да азайды. Андыктан, алар коопсуз жерлерди издеп, бак-шактуу келген жерлерге көчүүдө", — дейт адис.

Айыл чарбасынын начарлашы канаттуулардын азайышына кесепетин тийгизди

Бишкектин борборундагы парктарды байырлап келген канаттуулардын азайышына шаардын чеке-белиндеги айыл-чарбасы менен дыйканчылыктын аксашы да өз таасирин тийгизген. Мурда кылкандуу дан эгиндери көп эгилип келген болсо, азыр дыйкандар үчүн кирешелүү деп саналган гана өсүмдүктөр тигилип калды. 

"Жүзүм талаалары баш болгон мөмө-жемиш бакчалары да көп болчу. Мына ушулардын баары кара чыйырчыктардын жашоосу үчүн ыңгайлуу эле. Чымчыктар бул жерлерде тамактанып, бакчалардагы курт-кумурскаларды жечү", — дейт Давлетбаков.

Абхазиядагы мимоза январда гүлдөдү
Эксперттин баамында, эгер эгин талааларын, мөмө-жемиш бакчаларын көбөйтүп, уяларды жасаса кара чыйырчыктар күчтүү биологиялык атаандашы бар экенине карабай кайтадан бул аймактарды байырлап баштайт.

Адис таранчылардын азайышына мал фермаларынын азайышы да таасир берип жатканын кошумчалады. Себеби, мал көп болгон жерде чымын-чиркей көп болуп, таранчыларды өзүнө тартып турат. Андан сырткары терек, кара жыгач өңдүү бактардын кыйылышы да жаман натыйжаларды берген. Таранчылар уялай турганга ыңгайлуу жыш бак-дарактар калбай калган.

Экологиялык абалдын бузулушун чыйырчыктар менен таранчылар коңгуроо кылып кагууда

Канаттуулар менен майда жандыктар айлана-чөйрөдө болуп жаткан абалга дароо реакция кылып, экологиялык жаман абалдан биринчи кабар беришет. Башкача айтканда, алар биздин айлана-чөйрөгө жасап жаткан аракетибиздин индикатору. 

Давлетбаковдун айтымында, алар терс же оң нерселерди биринчи сезип, абал начар болсо аймактан кетип калышат. Шаардын борбордук бөлүгүндө чыйырчыктардын азайышы мындан кабар берип турат. Аны менен кошо акыркы убактарда өтө эле көбөйүп кеткен автоунаалар да терс таасирин тийгизип жатат.

"Шаар ичиндеги абал критикалык деңгээлге жетип калды. Анткени, автоунаалар көбөйдү, алардан чыккан газ экологияны бузуп жатат. Анан калса, техникалардын ызы-чусу алардын тынчын алып жумурткалашына жаман таасир берип жатат", — дейт адис.

Канаттуулардын уюлашына архитекторлор да көңүл бурушу керек

Учурда шаардын түштүк райондору канаттууларга абдан ыңгайлуу экенин Аскар Давлетбаков кошумчалады. Себеби, бул аймак тоого жакын, аз да болсо талаалар бар. Канаттуулардын тынчын алган факторлор аз, курулуштар салыштырмалуу көп эмес.

Давлетбаков жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирин да эске алуу зарыл экенин баса белгилейт. 

"Өнүккөн мамлекеттерде башкы архитектуралык мекемелер экологдор менен кеңешет. Имараттардын формасы кандай болуш керек? Канаттуулар уялганга мүмкүнбү? Чатырдын бийиктиги кандай болуш керек?, — деп сурашат. Өнүккөн мамлекеттерде бул кадимки көрүнүш, булардын баары эске алынат", — дейт эксперт. 

Ал Бишкекте салынып жаткан жаңы курулуштардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири такыр эске алынбай жатканын өкүнүү менен белгиледи. Ушул убакка чейин бир да курулуш компаниясы аларга кайрылып, кеңеш сураган эмес. Давлетбаков эгер алардан кеңеш сурап кайрылышса бекер эле кеп-кеңеш бере турганын кошумчалады. Себеби, жаңы салынып жаткан үйлөрдүн чатырлары канаттуулар үчүн түнөк жай, уялаганга ыңгайлуу болушу керектигин айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0