Москвада КРдин Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМосквада КР Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды
Москвада КР Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкүлчүлүктүн расмий ачылышына 2-4-апрелде Москва шаарында расмий сапары менен болгон Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев катышты.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү ачылганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Өкүлчүлүктүн расмий ачылышына 2-4-апрелде Москва шаарында расмий сапары менен болгон Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Турганбаев мекеменин алдына коюлган тапшырмалары, кыргыз милициясы менен орус полициясынын кызматташтыгынын келечеги жөнүндө айтты.

КРдин ИИМдин өкүлчүлүгүн милициянын подполковниги Аскат Алиев жетектейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0