Эшектин эти. Архив

Ысык-Ата районунда табылган 101 эшектин бүтүн эти жок кылынды

60
(жаңыланган 10:36 10.04.2015)
Ново-Покровка жана Сары-Жон айылдарынын ортосундагы аймакка желим баштыкка оролгон эшектин эттери ташталган. Аны жергиликтүү тургандар байкап калышкан.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка жана Сары-Жон айылдарынын ортосундагы аймакка желим баштыкка оролуп ташталган 101 эшектин эти 9-апрелде жергиликтүү тургундар тапкан. Эшектин эттери Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан ошол эле күнү биотермикалык аңга салынып жок кылынганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Быйыл февраль айынын аягында Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде эшек союлуп жатканы аныкталып, калк арасында бир топ чуу болгон. Эшектерди сойгон "Кайтал" ЖЧКсы бул эттер Гонконгдогу зоопарктарга жеткирилерин айтып ишендирген.

Жергиликтүү тургундар эшектин эттери кайсы жактан алынып келип ташталганын аныктап, муну жасагандар жоопко тартылышы керектигин айтышууда.

60
Белгилер:
эшек, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Сокулук району, Ысык-Ата
Тема:
Кыргызстанда эшектин союлушу чоң талкуу жаратты (23)
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

135
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

135
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу

133
(жаңыланган 20:29 20.06.2021)
АКШ менен Түштүк Кореянын тхэквондочуларынан куралган топ популярдуу болгон America"s Got Talent сынагынын көрүүчүлөрү менен калыстарын абдан таасирлентти.

Алардын суктанткан номери YouTube каналга жүктөлгөн. 

Аталган балдар-кыздар Олимпиадага чакырылып, бирок коронавирустун айынан болгон өзгөрүүлөрдөн улам ага катыша албай калганы айтылган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катыша албай калган спортчулар азыркы сынакка катышып көрүүнү чечкен.

"Бизди Олимпиадага чакырышкан, бирок пандемиядан улам оюнду өткөрүү мөөнөтү жылып кетип, ага катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды", — деген топтун лидери.

Эки өлкөнүн таланттуу, шамдагай спортчуларынын бул шоу-номери көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Алардын бир нече метр бийиктикке секирип баратып, жолунан кездешкен такталарды бир нече бөлүккө чачырата тепкенин көрүүгө болот.

Андан сырткары балдар-кыздар кызыктуу бийлерди, акробаттык чеберчиликтерин көрсөткөн.

Спортчулардын талантына таасирленген калыстар тобунун мүчөсү, теле алып баруучу Терри Крюс дароо эле финалга жолдомо берген алтын баскычты басып, залды да, тхэквондочуларды да бактылуу кылган.

America's Got Talent — теледолбоору ар кыл таланттарды өзүнө чакырган кызыктуу шоу. Анын байге фонду миллион доллар.

133
Тема боюнча
Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео