Алыкул Осмоновго арналган марафондо 7 млн. сомдон ашык чогулду

© Фото / пресс-служба посольства КР в РФАлыкул Осмоновдун китептери. Архив
Алыкул Осмоновдун китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралар уланып жатат.

БИШКЕК, 10-апр – Sputnik. Кыргыз элинин классик акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдык юбилейине арналган марафондо 7 миллион 550 миң сом жана 1400 доллар чогултулду.

Марафон 9-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармониясында өтүп, анын жүрүшүндө маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов өкмөттүн атынан 100 миң сом берди.

Чогулган каражат акындын Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагында жайгашкан үй-музейлерин реконструкциялоого жана 100 жылдык мааракеге арналган иш-чараларды өткөрүүгө жумшалат.

Буга чейин юбилейдин алкагында бир  нече иш-чаралар өтүп, коомчулукта, жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай долбоорлор уюштурулуп, ал эми Кыргыз Илимдер академиясы тарабынан даярдалган Алыкул Осмонов энциклопедиясы жарык көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0