Рак илдети – өлүм үчүн чыккан өкүм эмес

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүОнкологиялык диспансер. Архив
Онкологиялык диспансер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кымбат дарылар талап кылынган бейтаптарды дары менен камсыз кылуу мамлекеттин кепилдигине алынган. Бирок бул багытта олуттуу жардамдар берилбей келет. Антсе да, тагдырдын сыноосу менен күрөшүп, айыкпайт делген дартты жеңип, жашап жаткан жарандар жок эмес.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Рак илдетине чалдыккандар ага маани бербей жүрө берип, илдет өрчүп кетет. Кымбат дарылар талап кылынган бейтаптарды дары менен камсыз кылуу мамлекеттин кепилдигине алынган. 

Кыргызстанда жатын моюнчасынын рак оорусун дарылоо боюнча протоколу иштелип чыкты
Бирок бул багытта олуттуу жардамдар берилбей келет. Эсептөө палатасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2013-жылкы ишмердигин текшерүүгө алып, 51 миллион сомдук кымбат дарылар колдонулбай калганын апрель айынын башында маалымдаган. Мынча көлөмдөгү кымбат дарылардын керектелбей калышы бейтаптардын нааразычылыгын жаратты.

Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар үчүн да кымбат дарылар колдонулат. Жыл санап бул илдет менен ооругандар көбөйүп жатканын, ага карата мамлекет тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүшү керектигин адистер тынчсыздануу менен айтууда.

Ал ортодо аталган илдетти жеңип, башкаларга үлгү болгон жарандар да жок эмес. Алар "ракка чалдыктым, көрөр күнүм, ичер суум бүткөн экен" деп мүңкүрөп отуруп калбастан, жашоого болгон көз карашын толугу менен өзгөрткөндөр.

Үй-бүлө, тууган-туушкандын колдоосу абдан маанилүү

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын биринде иштеген Айнура (суранычы менен аты өзгөртүлдү – авт.) эки жыл мурда эмчек безинин шишик оорусунан (рак молочной железы) операция жасаткан.

Онкологиялык оорулар билинбей жүрүп эле өрчүп кеткен учурлар көп кездешет эмеспи. Көкүрөгүндө дөмпөйгөн нерсе пайда болгондо дарыгерлерге барып, анализ тапшырып көрүнгөнүн айткан Айнура, башында ага рак илдетине чалдыкканын дарыгер жашырып айткан эмес дейт.

"Анализ тапшыргандан кийин дарыгер мени кайта чакырды. Бир нерсени эле айта албай кыйналып жатканын көздөрүнөн сездим. Дарыгерге "кандай болсо, ошондой эле айтыңыз, бул дарт менен мен күрөшөм" дедим. Меники коркунучтуу рак экенин айтканда, эмне деримди билбей эле отуруп калдым", — дейт ал.

Ал жерде отуруп, өзүн жоготуп койгонун кошумчалаган Айнура мындай учурда тууган-туушкан, курбу-курдаш жана, эң башкысы, үй-бүлөнүн колдоосу абдан маанилүү экенин айтат.

"Дендароо болуп отуруп, өзүмдү жоготуп коюптурмун. Дарыгерлер нашатыр жыттатып өзүмө келтирди. Дароо эле жолдошума чалып, жагдайды түшүндүрдүм. Ал келип мени үйгө алып кетти", — дейт ал. 

Эки жыл мурун жасаткан операциясы ийгиликтүү өтүп, азыр рак менен ооруган бейтап катары өзүн сезбей турганын белгилейт. Ошондой эле, түрдүү медитациялар жашоого болгон үмүттү арттыра турганын кошумчалап, учурда намаз окуй турганын айтты.

Өз өмүрүн башкаларга жардам берүүгө арнаган Айгүл Кулдаева

Айгүл Кулдаеваны турмуш ойдо-ылдый калчап, бир нече жолу сынап, бирок анын жашоого болгон эркин сындыра алган жок.

Өмүр бою эсепчи болуп иштеген Кулдаеванын жашоосу 21 жаштагы баласы мээнин рагынан колунда каза болгондон кийин түп-тамырынан өзгөргөн.

Эки кыз, бир уулдун энеси мындан 13 жыл мурда жолдошун автожол кырсыгынан жоготуп, жесир калган. Чиедей балдарына тарбия, билим алуусуна шарт түзүү үчүн кара жанын карч уруп иштеген. Бирок тагдыр Кулдаеваны дагы бир оор жоготуу менен сынады. 2011-жылы жалгыз уулу 21 жашында рак оорусунан каза болгон. Күйүтүнө чыдабай, көз жашы кургаган Айгүл Кулдаеванын эмчек безинин рагы катуу стресстен күч алып кеткен.

"Балам абдан зээндүү эле. Мектепти да, институтту да кызыл диплом менен бүттү. Катуу деле ооруган эмес. Ал  Кыргызстандын эл аралык университетинин инновациялык технологиялар факультетинде окуп жаткан. Анын мээсинде шишик бар экенин дарыгерлер аныктап, операция жасашты. Операция оор өтүп, сегиз саатка чейин созулду. Андан кийин жарым жылга жетпей уулумдан ажырадым", — дейт ал.

Дарыгерлер уулунун жарым мээсин алгандан кийин, анын дене мүчөлөрү кыймылдабай калган. Мына ушул учурда Айгүл Кулдаева көкүрөгүндөгү дөмпөйгөн нерсеси чоңоюп кеткенин байкап, дароо эле дарыгерлерге барып көрүнгөн. Ага операция жасашкан. Бул оор күндөрүн ал мындайча эскерет: "Дарыгерлер мага мини операция жасашты. Ооруп жатам деп ооруканада жата албайт болчумун. Үйдө паралич болгон балам жатса, кантип мен жатып алам. Көкүрөгүм таңылуу бойдон кечинде үйгө барам. Уулум каза болгондо кайгыга батып ыйлай берип, жаңы операциядан кийин тигилген жерлери кайта ажырап кетиптир. Дарыгерлер бир жагы ажырап кеткен тигүүнү таңып берип турушту. Мен баламды жерге берүүнүн амалдарын көрүп жүрдүм",— дейт ал.

Жалгыз уулунан ажыраган эненин абалы абдан оор экенин байкаган дарыгерлер аны сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көргөн. Кулдаеванын жашоосу уулу каза болгондон кийин түп-тамыранынан бери өзгөргөн.

"Өзүмдү рак менен ооругандарга жардам берүүгө арнадым. Өмүр бою иштеп келген ишимди таштап, рак оорусу менен ооруган энелерге жардам бере баштадым", — дейт ал.

Учурда Айгүл Кулдаева "Эргэнэ" коомдук фондунда иштейт. Ал рак илдетине кабылган аялдарга операцияга чейин жана андан кийин кеп-кеңештерин берип, рак өлүм үчүн чыгарылган өкүм эместигин өзүнүн мисалында далилдеп, аларга үлгү көрсөткөнгө аракет кылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0