Депутаттар, согуш ардагерлери "Ата Түрк" сейил багында көчөт отургузушту

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутаттар, согуш ардагерлери "Ата Түрк" сейил багында көчөт отургузушту
Депутаттар, согуш ардагерлери Ата Түрк сейил багында көчөт отургузушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар өткөн жылы отурган карагайларды сугарып, быйыл жаңы көчөттөрдү тигишти.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жеңиш майрамын утурлай Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Улуу Ата мекендин согуштун ардагерлери Бишкек шаарындагы "Ата Түрк" сейил багынын аймагында көчөт отургузушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар, аппарат менен иш башкармалыктын кызматкерлери Бишкек шаарындагы "Ата Түрк" сейил багына ишембиликке чыгышты. Иш чарага Республикалык ветерандар кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери да катышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө "Ата Түрк" сейил багында көчөттөр отургузулуп, андан сырткары 2014-жылы ушул эле сейил бактын аймагында отургузулган карагайлар сугарылды.

Депутаттар өткөн жылы токтом кабыл алып, ар жылдын 20-мартынан 20-апрелине чейинки аралыкта Кыргызстандын бардык аймагында жашылдандыруу акцияларын жүргүзүүнү чечишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0