Архивдин иши. Архив

Улуу Ата мекендик согуш маалындагы баалуу документтердин электрондук архиви түзүлөт

49
(жаңыланган 16:56 13.04.2015)
Жарандар согушка катышкан жакындары тууралуу маалыматтарды, алардын эрдиктери жана сыйлыктары жөнүндө архивдик документтерди таба алышат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Улуу Ата мекендик согуш маалындагы баалуу документтердин уникалдуу электрондук архивин түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Электрондук порталга Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин архивдик материалдары, аскердик аракеттердин уникалдуу архиви, ардагерлердин маектери, фотоальбом, ошол убакта гезит-журналдарга чыккан тарыхый материалдар киргизилет.

Аталган порталдын жардамы менен жарандар үчүн электрондук түрдө маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле андан согушка катышкан жакындары тууралуу маалыматтарды, алардын эрдиктери жана сыйлыктары жөнүндө архивдик документтерди табууга боло турганын мекемеден билдиришти.

49
Белгилер:
Улуу Ата Мекендик согуш, Мамлекеттик каттоо кызматы, Инфоком
Пикирлер