Өкмөттүн 2015-жылда жасай турган иштери атайын китепче болуп чыкты

Жазылуу
Министрликтер менен ведомстволордун пландары камтылган жана аны ишке ашырууда күтүлүп жаткан натыйжалар жазылган атайын китепче жарык көрдү.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин тапшырмасы боюнча КР өкмөтүнүн программасынын милдет-максаттарына жетишүү боюнча министрлик жана ведомство жетекчилеринин 2015-жылга карата иш-аракет жана милдеттенмелер планы көрсөтүлгөн китепче жарык көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Өкмөт: КРдин пайдасы үчүн Центерранын директорлор кеңешин алмаштыруу керек
2014-жылдан тарта мындай китепчелер жыл сайын жарыяланат. Эксперттердин айтымында, 2015-жылга карата планда өзгөчө басым заманбап технологияларды пайдаланууга, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү чыңдоого, коррупцияга каршы иш-чараларды өткөрүүгө жана инвестицияларды тартуу маселелерине жасалган. Пландардын стратегиялык маанилүү пункту катары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүн камсыздоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышы эсептелет.

Китепчеге министрликтер менен ведомстволордун пландары камтылып, тийиштүү иш-чаралар жана күтүлүп жаткан натыйжалар көрсөтүлгөн. Ошондой эле өкмөттүн мамлекеттик түзүмдөрдүн коомчулук алдындагы отчёттуулугун, ачык-айкындуулук стратегиясын колдоо жаатындагы иш-аракети чагылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0