БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жашоочусу Алишер Ташматов Хакасияда өрттөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат топтоого чакырат. Бул тууралуу ал шейшембиде Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.
Ташматовдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өрттүн кесепетинен бир жарым миң турак үй өрттөнүп, жабыр тарткандардын саны беш миң адамга жетти. Алардын ичинде кош бойлуу аялдар, кичине балдар жана кары-картаңдар бар. Каза болгондор да жок эмес.
"Баарыбыз чогулуп Россияда жабыр тарткандарга көмөк көрсөтөлү. Хакасияда жабыр тарткандарга жардам берүүгө чакырам" — деди ал.
Активист жардам чогултуу тууралуу жарыяны социалдык түйүндөрдөн тапса боло тургандыгын, жана жардам топтоо боюнча биринчи пункт Бишкек шаарында ачылып, андан тышкары, социалдык, экономикалык, маданий программаларды колдоо боюнча Хакасиянын "Республика" коомдук фондунун эсептерине да акча которуулар кабыл алына баштаганын билдирди.Ошондой эле ал жабыр тарткан аймактарга жакын жашаган бардык кыргызстандыктарды Россиянын ӨКМсынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин алдында түзүлгөн волонтёрлук уюмдарга кирүүгө чакырат.
"Бүгүнкү күндө жүзгө жакын адам волонтёр катары кырсык болгон жерге барып жардам көрсөтүүгө даяр. Алардын баары ал жакка өз эсебинен барып, жайгашат", — дейт активист.
Ал Хакасияга жардамга барүүнү каалагандардын аталган республикада достук же туугандык байланыштары бар экендигин билдирди.
Ташматов катарында болгон активисттер 2013-жылдын августунда Приамурье жана Хабаровск областтарында суу каптоодон жабыр тарткандарга жардам топтоону уюштурушкан, ал эми Краснодарскидеги кырсыкка кабылгандарга 150 миң сомдон ашык акча чогултуп, ал каражатка активисттер чатырларды жана биринчи кезектеги зарыл буюмдарды сатып алып, россиялыктарга жөнөтүшкөн.
Катуу шамалдын кесепетинен 12-апрелде Хакасияда өрт кооптуулугу күчөп, өзгөчө кырдаал киргизилген.
Өрттү өчүрүү иштерине 1 миң 400дөн ашык адам жана 230 ашык техника катышып, андан тышкары, авиация жана өрт кызматынын үч поезди да тартылган.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.
Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбору жарандарга чет өлкөлөрдө жараксыз паспортторду колдонуунун негативдүү кесепеттери болорун эскертти.
Кеп мурда жоголуп кеткен документтер тууралуу болуп жатат.
"Жалпы жарандык паспорт же ID-картаңыз жоголуп кетип, бул тууралуу укук коргоо органдарына билдирдиңиз дейли. Бирок аны кийин кайра таап алган күндө дагы чет өлкөгө чыкканда колдонбошуңуз керек", — деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Мамлекеттик каттоо кызматы бул же тигил документтин жоголгондугу тууралуу Эл аралык жазык полициясы уюмуна (Интерпол) кирген бардык өлкөлөргө кабарлайт. Кийин ал өлкөлөрдүн бирине жоголгон документти пайдаланып кирүүгө аракет кылган адам кармалышы мүмкүн.