Кыргыз эл Баатыры Сооронбай Жусуев. Архив

Сооронбай акындын жааган октун алдындагы өмүрү

962
(жаңыланган 16:52 16.04.2015)
Сооронбай Жусуев 18 жашында айылынан аскерге жөө аттанып, согуш отун кечип, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын катарында байланышчы болгон. Бул сапаркы келе жаткан май айы Сооронбай аксакал үчүн өзгөчө – тогузунда Жеңиш күндү тосуп, 15инде 90 жылдык мааракесин өткөрмөкчү.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Сооронбай Жусуев 18 жашка толгондон кийин, аскерге чакырылып, саналуу күндөрдө байланышчы кесипти өздөштүрүп, согуш талаасына чоң жоопкерчилик менен кириптир.

"Жашым 18ге жеткенде аскерге алышты, Алайкуу деген тоолуу алыскы жерге туулганмын да. Аскер комиссариаты бизди жөө алып жөнөп, Кара-Сууга келдик, темир жолду, поездди ошондо биринчи жолу көрдүм. Анан Алматыдан согушка даярданып, пулемёт атканды үйрөтүп, 2-3 айдан кийин Москва аркылуу Ленинградга жеттик. Генерал Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияга кабыл алынып, жөө жүрүп отуруп согуш талаасына келдик. Согуш бизди снаряддардын жарылганы, октун чуулдап учканы, пулемёттордун үнү менен тосуп алды. Мени жана таякем Усуп Беккулуевди 27-аткычтар полкуна бөлүп, пулемётчу эмес, байланышчы болосуң дешти. Ошентип, бул кесипти бир жуманын ичинде үйрөнүүгө туура келген", — деп айтып берди Сооронбай Жусуев.

Согушта байланышчы жоопкерчиликтүү иш, көптөрдүн, кээде бүтүндөй бир полктун тагдыры ага байланган учурлар болот.

"Тартылган линияларды араба, танк үзүп кетет, снаряд келип түшөт же мина жарылат, аны дароо улашың керек. Согуш талаасы — чуркап бара албайсың, турсаң, снайпердин бутасына  айланасың. Ошентип, жер менен жер болуп, боортоктоп жылып барып, линияны оңдойт элек", — деп эскерет ал кезди Сооронбай аксакал. 

© Sputnik / Нургуль Максутова
Сооронбай Жусуев кош майрамды тосконго камданып жатат

Өмүр талашкан октор 

"Кырк жыл кыргын болсо да, бейажал чымын өлбөйт" деп айтылат кыргызда. Биздин каарман ажалдын оозуна барып кайра тарткан учурлары арбын болуптур… 1944-жылы январда Насва деген аты эле калган бир темир жол станциясында дивизиясы чабуулга өтүп, тыптыйпыл болуп талкаланып калгандагы бир окуясын айтып берди.

"Чабуул болгондуктан, жер кепе казганга үлгүрбөй ар бирибиз окоп казып, алдыбызга карагайдын шагын төшөп, үстүбүзгө плащ-палатканын жамынып жатып калдык. Кар жаап турган, анан эле линия үзүлүп калды, таекем экөөбүз аларды туташтырганы сойлоп жөнөдүк. Снайперлер ары жактан карап турат. Бир топ машакаттан кийин үзүлгөн жерди улап, казылган траншея менен кайтып келсек, жаткан окоптун тымтыракайы чыккан. Көрсө, душмандын снаряды дал мен жаткан жерге түшүптүр. Болгон оокатым  — 2 граната, кургатылган нан, самын, тиш жуугучум, анан эң баалуусу – акын Жоомарт Бөкөнбаевден Кыргызстандан келген кат бар эле. Алардын чаңы асманга сапырылып калган экен", — деп айтып берди ошол кезде 20 жаштан жаңы ашкан  Жусуев.

Биздин каарман Жеңишти Латвиянын Салдус аттуу шаарында, салгылашта курман болгон майдандаштардын сөөгүн жерге берип тосуптур.

"Согушта эки ирет жарадар болдум. 1944-жылдын жай айында Латвиянын чек арасына киргенбиз, 13-сентябрда Риганы алдык. Ал Курлянд деген жарым аралда жайгашкан экен, салгылаш  узакка созулду. 1945-жылдын 8-майында согушту токтотуу боюнча буйрук алдык, Саудста өлгөн майдандаш жоокерлерди, офицерлерди жерге жашырып, 9-майды тостук", — деп эскерди ал ойлуу тарта. 

"Война капут, Гитлер капут!"

Жыйырма жаштагы улан ошол кезде "Алдыга жүргүн, кыргыздар!" деген ыр жазып, ал ошол кездеги "Советтик Кыргызстан" журналына жарыяланган экен. Акындыктын деми менен дагы эки ыр жазып, алар да жарык көрүптүр. Ошол кезде байланышчы болуп жүргөндөгү чапчаңдыгы жана тартынбастыгы үчүн 20 жаштагы улан  "Каармандагы үчүн" медалына ээ болгон.

Жусуев уруш бүткөн учур күнү бүгүнкүдөй эсинде калганын, согуш отун тутанткан немис аскерлери колго кантип түшкөндүгүн да айтып берди.

"Салдус шаарынан багынып, шүмшүйүп жаныбыздан өтүп бараткан көп немистерди көрдүк. Биздин солдаттар бери жактан "как фриц, дела?" деп кыйкырышса, "война капут, Гитлер капут" деп жооп берип жатышты. Алар немистик тактыгын жазбай, мурдатан даярданып, сакал-мурутун алып, шинелдерин тыкыйып кийип анан  колубузга түштү", — дейт Сооронбай аксакал. 

  • Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев жана согуш ардегерлери президент Алмазбек Атамбаев менен.
    Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев жана согуш ардегерлери президент Алмазбек Атамбаев менен.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Майдандаш акын Сүйүнбай Эралиев менен
    Майдандаш акын Сүйүнбай Эралиев менен
    © Фото / из личного архива Сооронбай Жусуева
  • Жусуев жоокерлер арасында
    Жусуев жоокерлер арасында
    © Фото / из личного архива Сооронбая Жусуева
  • Манасчы Саякбай Каралаев менен.
    Манасчы Саякбай Каралаев менен.
    © Фото / из личного архива Сооронбай Жусуева
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев жана согуш ардегерлери президент Алмазбек Атамбаев менен.

Кош мааракени утурлай

Учурда акын жана ардактуу ардагер Сооронбай Жусуев өзүнүн 90 юбилейин, Жеңиштин 70 жылдыгын тосконго камданып жаткан чагы.

"Ошентип, 2 жылдан ашуун согушта болуп, милдетти аткарып, тагдыр ушундай экен, аман-эсен кайттык. Мына азыр кудай кааласа, токсонго чыгайын деген ниетим бар. Согушка катышкандардын саны убакыт өткөн сайын абдан эле азайып бара жатат, жаратылыш мыйзамы менен адам картаят экен. Жаштарга өзүмдүн ак батамды берип, алар биздин согушта болгонубузду, душман менен кармашканыбызды унутпай жүрсө, анан кыргыз элинин өсүшүн камсыз кылса, Кыргызстан алдыңкы өлкөнүн катарына кирүүсүнө салымын кошсо дейм. Мендеги тилек ушул, балам. 24 күндөн кийин Жеңиштин 70 жылдыгы болот. Согушта жүргөндө 18 жашымда биринчи ырымда жазып жарыялагам, ошондон бери 72 жыл бою поэзия майданында келе жатам. Азыр деле илхам келип калганда чакан ырларды жаза коём", — дейт Сооронбай аксакал.

Акындын калеминен бир нече жүздөгөн ырлар менен поэмалар жаралып, чет элдик акындардын чыгармалары кыргыз тилинде сүйлөгөн. Анын ырларына музыка жазылып, алар кыргыз маданиятынын өнүктүрүүгө салымын кошкон.

962
Белгилер:
согуш ардагерлери, Жеңиштин 70 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаев, Сооронбай Жусуев, Алайкуу, Кара-Суу району, Германия
Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
Тема боюнча
Ош: Жеңишке арналган аскердик парадга даярдык көрүүгө 785 миң сом бөлүндү
КРде 9-Майды майрамдоо боюнча уюштуруу комитети Жеңиштин жаңы символун сунуштады
Пикирлер