Аборт. Архивное фото

Депутат: он төрт жаштагы төрт өспүрүм кыз боюнан алдырган

176
(жаңыланган 17:18 15.04.2015)
Жогорку Кеңештин депутаты тукум улоо туурасындагы мыйзамдын жаңыланган долбоорун алып чыгып жатып, республикада өспүрүм кыздардын боюнан алдырган учурлары көп катталып бара жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 15-апр. – Sputnik. ЖКда "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамдын долбоору каралып жатканда, депутат Надира Нарматова 14 жашар өспүрүм кыздар боюнан алдырган фактылар кездешкендигин айтты. 

Жогорку Кеңеште депутаттар тукум улоо жана анын колдонулушу туурасындагы мыйзамдын жаңыланган долбоорун карап, андагы карын эне, тукум улоо, бойдон алдыруу туурасындагы маселелерге токтолуп, өспүрүмдөргө бул туурасында маалымат берүү жагдайын талкуулады.

Мыйзам демилгечилеринин бири Надира Нарматова, мыйзамдын долбоору КРдин негизги байлыгы элдин улуттук саламаттыгын сактоого багытталгандыгын, тукум улоочу ден соолук чөйрөсүндөгү абал кыйын экендигин туурасында айтты.

Депутаттын маалыматында, кош бойлуулардын 53 пайызы аз кандуулуктан жапа чегет, акыркы беш жылдын ичинде кош бойлуу учурунда жана төрөттөн кийинки ырбап кетүүлөрдөн улам, 17-19 жаш курагында энелердин өлүмү 23кө жеткен. 

"Кыздар арасындагы бойдон алдыруу өтө олуттуу маселе болуп турат. 2013-жылы саламаттыкты сактоо мекемелердин 14 жаштагы кыздардын бойдон алдыруусу төрт ирет катталган", — деди Нарматова. 

Депутат Дастан Бекешов маалыматтын жоктугунан өспүрүмдөр арасында бойдон алдыруу фактылары катталгандыгын айтып, аталган мыйзамды колдоо зарылдыгын белгиледи.

Мыйзам демилгечиси Нарматова мыйзам кабыл алынса, генефондду сактап калууга салымын кошо тургандыгын билдирди. 

"Бул — элдин генефондун сактап калууга маданияттуу түрдө, илим, билим жолу менен маалымдоого кылынган аракет. 15-17 жаштагы кыздардын төрөшүнүн көбөйүшү эл өкүлдөрүн ойлонто турган маселе. Андыктан, бул мыйзамды колдоп беришиңиздерди өтүнөм", — деди эл өкүлү.

Мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору жарандардын тукум улоо укуктарын жөнгө салуу максатында иштелип чыгып, мамлекеттин ошол укуктарды ишке ашыруу боюнча кепилдиктерин жана тукум улоодо ден соолукту сактоого кызыктар жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун күчөтүүгө багытталган. 

Жыйынтыгында, "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

176
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, энелер өлүмү, өспүрүм, Мыйзам, Надира Нарматова, Дастан Бекешев
Пикирлер