Бишкекте экстремизм жана такфиризм көйгөйлөрү боюнча эл аралык жыйын башталды

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүБишкекте экстремизм жана такфиризм көйгөйлөрү боюнча эл аралык жыйын башталды
Бишкекте экстремизм жана такфиризм көйгөйлөрү боюнча эл аралык жыйын башталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте 15ке жакын мамлекеттерден келген диний аалымдар жана теологдор дүйнөдөгү радикалдашкан диний жагдайды талкуулай баштады.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте "Экстремизм жана такфиризмдин азыркы коомчулукка жараткан кооптуулугу" деп аталган Эл аралык I симпозиум башталды. 

Иш-чараны Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия биргелешип өткөрүүдө. Симпозиумга окумуштуулар, расмий диний уюмдар, эксперттер жана аалымдар катышып, аталган тема боюнча эки күн талкуу жүргүзөт. Исламдын салттуу негиздерин өнүктүрүү боюнча да сөз болуп, такфиризмге каршы туруу идеологиясынын принциптери менен ыкмалары адистер тарабынан каралат. Симпозиумдун уюштуруучулары экстремизм жана такфиризм көйгөйлөрү жана анын таасирин азайтуу негизги темалардан болорун билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0