КР профсоюздар федерациясы кемип калган 4,3 млн. сом боюнча прокуратурага кайрылды

Жазылуу
Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясынын ишмердигин текшерген комиссия кассага 4,3 миллион сом жетпей калганын аныктаган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясынын эсеп-кысап бөлүмүнөн 4, 346 миллион сом кем болуп чыкканын текшерүүчү компания эмес, федерациясынын жетекчиси Асылбек Токтогулов аныктаганын мекеменин маалымат катчысы Тимур Саралиев Sputnik сайтына билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия кассага 4,346 миллион сом жетпей калганын аныктап, ал боюнча документтерди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жиберген. 

Саралаевдин айтымында, федерациянын башчысы кассага жетпей калган акчаны аныктагандан кийин бул маселени жамааттын жыйынына алып чыгып, ишти прокуратура органдарына тергөө үчүн берүүнү чечкен.

"Эсепчи жетпей калган акчаны төлөп берүүгө сөз берип, кызматынан четтетилди. Тергөө ишин Биринчи Май райондук прокуратурасы жүргүзүүдө", — деди ал.

Саралаев ошондой эле, азыр Токтогуловду кызматынан алууну каалагандар "көшөгө" артындагы оюндарды жасап жатканын кошумчалады.

"Токтогулов каражатты жашырбаганын мен расмий түрдө айтам", — дейт маалымат катчы.

Текшерүү комиссиясы документтерди текшерүүгө чектелүү гана укук алганын, анан калса, алар Коррупция менен күрөшүү кызматына арыз жибербеши керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0