Ата мекендик согуштун тарыхынын бурмаланышын Борбор Азия элчилери талкуулап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековАта мекендик согуштун тарыхынын бурмаланышын Борбор Азия элчилери талкуулап жатат
Ата мекендик согуштун тарыхынын бурмаланышын Борбор Азия элчилери талкуулап жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференцияда "Кыргызстандыктардын эмгек эрдиктери", "Согуш жылдарындагы билим, илим жана маданият каармандары" жана " Улуу Ата мекендик согуштун себептерин, жүрүшүн жана жыйынтыктарын бурмалоо" деп аталган үч секция иштеп жатат.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандын борборунда "Биримдиктен келип чыккан Жеңиш" деп аталган эл аралык илимий конференция өтүп жатат. Ал КР менен РФтин Билим берүү министрликтери, Кыргыз-Россия Славян университети тарабынан уюштурулду.

Конференцияга Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, белгилүү орус окумуштуусу Залиханов, Геосаясий маселелер академиясынын президенти Ивашов, ошондой эле Россия, Белоруссия, Казакстан, Азербайжан жана Иран өлкөлөрүнүн элчилери чакырылган.

Конференцияда "Кыргызстандыктардын эмгек эрдиктери", "Согуш жылдарындагы билим, илим жана маданият каармандары" жана "Улуу Ата мекендик согуштун себептерин, жүрүшүн жана жыйынтыктарын бурмалоо" деп аталган үч секция иштеп жатат. Негизги докладчылар катары КРдин жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен студенттери чыкты. 

Университетте Улуу Жеңишке арналган сүрөт жана китеп көргөзмөлөрү ачылды. 

Россиянын КРдеги элчиси Андрей Крутько Кыргызстандан майданга 300 миң жоокер кетип, алардын 100 миңден ашыгы кайтпай калганын баса белгиледи.

"КР биздин жүз миңдеген балдар менен жарандарды өзүнө кабыл алып, өзүлөрүнүн акыркы наны менен бөлүшүп, кымыз менен баккандарын эч качан унутпайбыз. Муну биздин балдар да эч унупашы керек", — деди элчи.

Сөзүнүн акырында Крутько жаштар арасында атуулдук иш алып барууга зор салымын кошуп жаткан Кыргызстандын ардагерлерине эстелик төш белгилерин тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0