Журналисттик жамааттар Алыкулдун ырын көркөм окуп, аны бири-бирине узатышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековФейсбук социалдык тармагынын баракчасы.
Фейсбук социалдык тармагынын баракчасы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыкул акындын юбилейине карата Sputnik маалымат сайтынын демилгеси башка Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан колдоого алынууда.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Журналисттер кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун ырларын окуп, видеороликтерин социалдык тармактарга жайгаштырып жатышат.

24-мартта эл аралык Sputnik хабы кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата белгилүү инсандардын акындын ырын окуган видеороликтердерди чыгарууну баштаган.

Долбоорду соңунда сайт жамааты өзү да Алыкул акындын ырын окуп, аны социалдык тармакка жайгаштырып, поэзия шеринесин "Вечерний Бишкекке" сунган. 

Sputnik маалымат сайтынын журналисттеринин демилгеси колдоого алынып, кесиптештер Алыкул акындын "Сүйүү жана мен" ырын окугандан соң, аны Кыргыз телерадиокорпорациянын журналисттерине узатты. 

Поэзия эстафетасын кабыл алган КТРКнын журналисттери окуган ырын Facebook социалдык тармагына жайгаштырышты. 

"Биз эстафетаны кубануу менен кабыл алып, акындын "Түнкү кайык" ырын окудук. Башка медиакорпорациялар да бул поэзия марафонуна жигердүүлүк менен катышат деп ойлойбуз", — деп билдиришти журналисттер. 

Жаңылыктар түрмөгү
0