Турсунбаев: жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочусу жеке ташуу менен алектенген

Турсунбаев: жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочусу жеке ташуу менен алектенген

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясынын башчысы Турсунбаев Казакстанда жол кырсыгынан каза болгон "Мерседес-Бенц Спринтердин" айдоочусу өлкөдө жүргүнчүлөрдү ташуучу кайсы бир фирманын кызматкери болгонун четке какты.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жекшемби күнү Казакстанда ири жол кырсыгына дуушар болгон "Мерседес-Бенц Спринтер" микроавтобусунун айдоочусу жөн эле акча табыш үчүн өз алдынча эл ташып жүргөн болушу мүмкүн деп билдирди Sputnik кабарчысына Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясынын башчысы Нурбек Турсунбаев.

Мурда келип түшкөн маалыматка ылайык, Казакстандын Жамбыл областында "Газель" менен кагылышкан "Мерседес-Бенц Спринтер" жүк жана жүргүнүчлөрдү ташуучу унаа катары катталган. Салондун терезелери жана кошумча чыгуусу жок болчу. 

Турсунбаев каза болгон "Мерседес-Бенц Спринтердин" каза болгон айдоочусу өлкөдө жүргүнчүлөрдү ташуучу кайсы бир фирманын кызматкери болушу мүмкүн эмес дейт. 

"Мен Кыргызстанда элди атайын жабдылбаган унаада, айрыкча эл аралык каттам боюнча ташып жүргөндөрүн көргөн эмесмин. Мындай болушу мүмкүн эмес. Ал жөн эле жеке өзү акча табыш үчүн иштеп жүргөн болушу керек", — дейт Турсунбаев. 

Анын айтымында, КРдин автоунаалар жөнүндө мыйзамында жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн унаанын капталдарында да, артында да сөзсүз айнектелген терезелер болушу керектиги ачык-айкын жазылган. Мындан тышкары, жай мезгилинде жел кириши үчүн люктар болушу талап кылынат. Авариялык чыгуу да милдеттүү түрдө болушу керек. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, аварияга туш болгон микроавтобустун көпчүлүк жүргүнчүлөрү сыртка чыга албагандыктан, өрттөнүп кетишкен. 

КРдин ӨКМдин кабары боюнча, микроавтобус Оштон Түндүк-Казакстан аймагына бет алып бараткан. Салондо 19 киши, анын ичинде эки айдоочу жана үч кичине бала бар болчу. 

Кагылышуунун натыйжасында эки автоунаа тең күйүп кеткен. Өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00дө өчүрүлүп, ал жерден 14 адамдын —"Газелдин" айдоочусунун жана микроавтобустун 13 жүргүнчүсүнүн сөөгү табылган.

Белгилер:
Нурбек Турсунбаев, Казакстан, Жамбыл
Тема:
Казакстанда катталган ири жол кырсыгынан Кыргызстандын жарандары каза болду (12)
Тема боюнча
Казакстандан каза болгондордун сөөгүн алып келүү үчүн ӨКМ автоунаа жөнөттү
Кадыр түн учурунда мусулмандар. Архив

Кадыр түн качан болору айтылды

(жаңыланган 16:56 22.04.2021)
Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат. 

Белгилер:
муфтият, орозо, Кадыр түн, Кыргызстан
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Касиеттүү түн интернет менен өтпөшү керек! Кадыр түнгө карата 7 "болбойт"
Бишкек шаары. Архив

Эртең Бишкектин 56 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме

(жаңыланган 16:35 22.04.2021)
"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясын убактылуу өчүрүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болуп жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаанын 56 көчөсүндө электр кубаты убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында кабарланган.

Бул күнү бригадалар тирөөчтөрдү орнотуп, үйлөрдүн, короолордун ичиндеги кабелдерди иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жасайт.

Электр кубаты төмөнкү жерлерде болбойт:

  • 09:00дөн 12:00гө чейин — Островская, Сухомлинов, Бакаев, Целинная көчөлөрүндө, андан сырткары Ак-Өргөө конушунда (Ашар, Ак шоокум, Адышева көчөлөрүндө) болбойт;
  • 09:00-19:00 — Алыбаев, Маликов, Термечиков, Захарьев көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 09:30-14:00 — 10-кичи райондо (№36, 36/1, 37/1, 37, 38 үйлөр);
  • 09:30-17:00 — Ахунбаев, Бектенов көчөлөрүндө, Балхаш туюк көчөсүндө, 9-кичи райондо (№6Б үй), Арча-Бешик конушунда (Кызыл-Адыр, Термечиков, Камбар-Ата, Бердибаев, Эр-Тайлак, Шералиева, Проектируемая, Арча-1 көчөлөрүндө);
  • 09:30-18:00 — Лев Толстой, Леваневская, Строительная, Красная, Тыныбеков, Матыев көчөлөрүнүн тилкесинде, Көлмө жана Алтын-Бешик конуштарында (Максат, Медина, Республиканская, Мыскал, Кулиев, Полевая, Азаттык, Коммунаров, Айкөл, Козу-Баглан, Жийде, Жаз, Минская, Багратион, Краснодонцев жана Малышев көчөлөрүндө);
  • 10:00-14:00 —Урожайная жана Аламүдүн көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 10:00-17:00 — Жумабек, Осмонкул, Баетов көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 12:00-17:00 — Шота Руставели, Севастопольская, Үчүнчү линия көчөлөрүндө, Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Абдраев, Месароша көчөлөрүндө, Чугуев туюк көчөсүндө, 5-кичи райондо (№79-83, №72/1, №64, 65 үйлөр) өчүрүлөт.
Белгилер:
өчүрүү, электр кубаты, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр