Спайс чеккен адам: тегеректе баары мени өлтүрөлү дешкен

© AFP / LEON NEALКурительная смесь Spice
Курительная смесь Spice - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш-алты киши тегерете туруп алып бир чылымды чектик, бирок чегип бүтө электе эле айлананы кабылдоо өзгөрө баштады деп айтып берди спайсы тартып көргөн киши.

БИШКЕК, 20-апр — Sputnik. Тегеректегилердин баары аны өлтүргүлөрү келип, ажалдан кутулбай калчудай коркунуч аны ээлеп алгандыгы жөнүндө Sputnik кабарчысына спайсты чегип көргөн Күмүшбек Айдаралиев аттуу (ысымы өзгөртүлгөн) жаш жигит айтып берди. 

2014-жылдын күзүндө спайсты колдонуудан көп сандагы адамдардын ууланышы аталган маселеге коомчулуктун курч көңүлүн бурган. Анда 40тан ашык адам каза таап, 2 миңге жакыны ууланган. 

Бишкекте спайс сатуучу Skype аркылуу кайрылган адамды тизмесине эки мүнөттө кошту
Кыргызстанда болсо бул көйгөй башка өлкөлөргө салыштырганда жакында эле пайда болду. Март айынын башында Sputnik кабарчысы шаардын борборунда дубалдардын биринде жазылган логин боюнча Skype аркылуу байланышып, баңги зат чын эле сатыла тургандыгын аныктаган. Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы Башкы башкармалыктын кызматкерлери эки адамды кармап, алардан 20 жана 15 грамм баңги заты табылган. Кармалгандар каттоого алынган соң бошотулган.

Айдаралиев баңги чылымын кантип чеккенин айтып берди. Анын сөзүнө караганда, спайсты үч жыл мурун биринчи жана акыркы жолу чегип көргөн. Кеч күздө иштен кайтып келе жатып, өз досторуна жолугуп калат. Тигилер ага жаңы "кайф" келди деп, тартып көрүүнү сунуш кылат.

"Кана, чегип көрөлүбү? Билгендер укмуштай кайф деп жатышат", — деген досторунун сөзүн эскерет Айдаралиев.

Балдар даярдаган аралашма кадимки эле чылымдай көрүндү деп сөзүн улантты ал. 

Анын айтымында, беш-алты киши туруп алып, бир чылымды тартып көрүшүптүр. Бирок аягына чыгара чеге электе эле, ага айланадагылар башкача сезиле баштаган.

"Эч түшүнүксүзү бир коркуу сезими пайда болуп, баарынан үрөйүм уча баштады. Мени тегеректегинин баары өлтүрүп салчудай болду. Ал тургай, балдар да күмөндүү, бир кызыктай көрүнүп, бир нече мүнөттөн соң чыдабай качып кеттим", — деди Айдаралиев.

Ал аркасынан жоо куугансып буту бутуна илинбей чуркап жөнөгөнүн кийин достору айтып берген. 

"Мени бир түшүнүксүз сезим ээлеп алды. Көзүмө кош көрүнүп, галлюцинация пайда болду. Мени үйгө чейин жолду карай көзү жанган кара атчан кууп отурду. Үйгө чуркап кирип, бурчка өзүмдү каттым. Тегеректе түшүнүксүз, үрөй учурган үндөр угулуп жатты", — деп айтып берди маектешибиз. 

Ал улам эки жагын каранып, айрыкча эшиктен көзүн албай, бирөө келип аны өлтүрүп салчудай сезимден арыла албай койгонун айтты. 

"Катуу кыйкырып, аргасыздан ыйлап жибергенде гана өзүмө келгендей болдум. Бул канчага созулганын билбейм, жарым сааттай болду окшойт", — деп улантты Айдаралиев. 

Өзүнө келген соң анын каалап-тилегени бул эмес деген ойго келип, жашоосун өзгөртүүнү чечкенин айтат ал. 

"Чегип көрүүнү каалагандар же чеге баштагандар менин сөзүмдү угуп жатса, бул балекетти колуңарга албагыла деп айтар элем. Бирөө сунуш кылса да, макул болбогула. Эч ким силерди мажбур кыла албайт — ар ким өзү үчүн дайыма өзү чечет", — деп баса белгиледи маектеш. 

Анын пикиринде, эң мыкты "кайф" — бул таза-соо "кайф", ошондо гана бул жашоонун көрктүү түсүн көрүп, таттуу даамын татса болот, анан өзүңө жана башкаларга жакшылык кылган артык. 

Спайс — чекме синтетикалык аралашмалардын бренди. Ал адатта химиялык иштетүүдөн өткөн кайсы бир чөп түрүндө сатылат. Spice англис тилинен которгондо "ачуу татымал" дегенди билдирет. Спайс адамдын психикасын күүлөндүрүп, оолуктуруучу күчтүү таасирге ээ. Анын так формуласы жок, анткени, аралашманын тиги же бул түрүн сатууга тыюу салган сайын өндүрүүчүлөр анын формуласын дароо өзгөртүп турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0