Токмок шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин аскер күчтөрү машыгуу өткөрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Пантера" атайын аскер бөлүгү. Архив
Пантера атайын аскер бөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШКУга мүчө мамлекеттердин аскер күчтөрү туткундарды куткаруу, мыйзамсыз түзүлгөн топторду жок кылуу ыкмаларын бирге өздөштүрмөкчү.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. ШКУга мүчө мамлекеттердин ичинен Россиянын, Тажикстандын, Казакстандын жана Кытайдын аскер күчтөрү биргеликте машыгуу өткөрүү үчүн Кыргызстанга келгенин Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттердин биргелешкен машыгуулары 21-апрелден 25-апрелге чейин Токмок шаарындагы 52806-аскер бөлүгүндө өтөт. ШКУга мүчө мамлекеттердин аскер күчтөрү туткундарды куткаруу, мыйзамсыз түзүлгөн топторду тоо шартында жок кылуу ыкмаларын бирге өздөштүрүшөт.

Ошондой эле, аталган аскер бөлүгүндө 9-май күнү Ала-Тоо аянтындагы парадга катыша турган жеке курамдын машыгуулары менен автотехниканын даярдыгын Башкы штабдын жетекчиси, генерал-майор Асанбек Алымкожоев текшерет.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттиринин лидерлери тарабынан түзүлгөн. Өзбекстан мамлекетинен сырткары калган бардык мамлекеттер 1996-жылы түзүлгөн "Шанхай бешилтигинин" мүчөсү. Бул уюм аскер тармагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, бири-бирине болгон ишенимди чыңдоо жана чек ара аймактарында аскер күчтөрүн өз ара түшүнүүчүлүк менен азайтуу жаатында кызматташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0