Кыргызстанда мергенчилик 50-80 эсе кымбаттайт

© Sputnik / Дмитрий Дебабов / Медиабанкка өтүүТоо эчки. Архив
Тоо эчки. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууга карата бааларды көтөрүү менен, өкмөт жаратылышты сактап калуу ниетинде.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбалыгы мамлекеттик агенттик Кыргызстандын аңчылык кылуунун баасын көтөрүү ниетинде деп билдирди Sputnik кабарчысына Табигый корлорду үнөмдүү пайдалануу департаментинин директорунун орун басары Кумар Мамбеталиев.

Өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууга карата бааларды көтөрүү жолу менен мамлекеттик агенттик жаратылышты сактап калууну көздөп жатат. Чет элдиктер үчүн бул баа 2-3 эсе, КРдин жарандары үчүн 50-80 эсе көтөрүлмөкчү.

Мамбеталиевдин айтымында, кош туяктуу жаныбарларды, тагыраак айтканда аркар-кулжа жана тоо теке эчкисин атууга баа баарынан жогору көтөрүлөт. Чет элдиктер жергиликтүү элдерге караганда көбүрөөк төлөйт. 

"Мисалы, маралды атып алуу Кыргызстандын жараны үчүн 30 миң сом болсо, ошол эле үчүн чет элдиктер 40 миңге көп төлөшөт. Башкача айтканда, азыр эски баа менен жергиликтүү аңчылар 400 сом, чет элдиктер 10 миң сом төлөйт. Сибирь эчкисине аңчылык 50 жана 100 миң сом болот. Азыркы баа боюнча бул 600 жана 36 миң сом турат", — дейт департамент башчысы.

Чет элдиктер карышкырга аңчылык үчүн да төлөшөт. Уруксат берүүчү документтер миң сом турат.

"КР жарандары үчүн бул мурдагыдай эле акысыз, себеби биз бул жапайы жаныбарга аңчылыкты колдойт эмеспизби", — деп кошумчалады Мамбеталиев.

Канаттуларга карата мезгилдик аңчылыктын баасы да бир топ жогорулайт.

Чиновник эскерткендей, өсүмүдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууга карата баалардын баарын өкмөт бекитет.

Аңчылык баасын жогорулатуу боюнча коомдук угууларда аңчылык менен алектенүүчүлөр баанын көтөрүлүшүнө нааразылык билдиришти. Алардын ою боюнча, лицензиянын баасын эмес, браконьерлик үчүн айыптарды көбөйтүү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0