Кыргыз-казак чек арасындагы Каркыра текшерип-өткөрүү пункту ачылат

Жазылуу
Аталган унаа жолунун ачылышы менен, казакстандык туристтердин көл аймагына келүүсүнө жакшы шарт түзүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Казак тарап менен болгон алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча кыргыз-казак чек арасындагы Каркыра текшерип-өткөрүү пункту 1-майдан тарта ачылып, 31-октябрга чейин күндүзгү саат 8-00дөн 18-00гө чейин иштей турганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Каркыра текшерип-өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

Аталган унаа жолунун ачылышы менен Казакстандан туристтердин көл аймагына келүүсүнө жакшы шарт түзүлөт жана жол 3-4 саатка кыскарат.

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0