Согуш ардагерин Москвадагы парадга жиберүү үчүн каражат чогултулууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСогуш ардагерин Москвадагы парадка жиберүү үчүн каражат чогултулууда
Согуш ардагерин Москвадагы парадка жиберүү үчүн каражат чогултулууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызыл аянтта боло турган парадга катышасыз деген кабар алып, Бишкекке келип дарыланып жаткан 92 жаштагы Курманбек Акуновго, "парадга барбай калдыңыз" деп билдиришкен.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москва шаарында боло турган парадга кыргызстандык Улуу Ата мекендик согуштун ардагери катышуусу үчүн каражат чогултуу демилгесин баштоону журналист Тынчтык Алтымышев Facebook социалдык тармагына жазды.

Анын айтымында, 92ге келген Улуу Атамекендик Согуштун катышуучусу Курманбек Акуновду Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кызыл Аянтта өтүүчү парадга барасыз деп өкмөт мүчөлөрү убада кылышкан. 

"Толкундаган киши Бишкекке келип дарыланып, даярданып жүрсө, "Сиз барбай калдыңыз" деген кабар келет. Бул кандай оор кабар?! Аксакал азыр катуу шагы сынып, ооруп калыптыр", — деп жазат ал.

Алтымышев Sputnik сайтына билдиргендей, учурда ал аксакалды жок дегенде Волоколамск шаарында Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышына катыштыруу үчүн Жогорку Кеңешке кайрылды.

Түп районунун акими Ишен Кожалиев Ысык-Көл облусунан Москвадагы парадга үч киши барарын айтып, бул тизмеде Акунов жок экенин кошумчалады. 

"Эгер кичине каражат талап кылына турган болсо, Москвага баруусуна акча табууга жардам беребиз", — деди ал.

92 жаштагы аксакалдын Кызыл-Аянтка барышына өкмөткө ишенип отура бербей, бир сомдон болсо да чогулталы деп кайдыгер карабаган кишилерди биригүүгө чакырат.

9-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленет. КР өкмөтүнүн маалыматына ылайык, өлкөдө азыр 1 миң 313 согуштун ардагери бар. Былтыр 300 ардагер каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0