Тажикстанда Жеңиш парады Кыргызстандагыдай 7-майга жылдырылды

© Sputnik / Амир ИсаевДушанбе шаарындагы "Жашыл толкун" акциясы. Архив
Душанбе шаарындагы Жашыл толкун акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы командачы Алмазбек Атамбаев 9-майда Москва шаарындагы Кызыл аянттагы парадка катыша тургандыктан Жеңиш майрамына карата боло турчу парад 7-майга жылдырылды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Тажикстанда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата 9-майда боло турчу парад 7-майга жылдырылганын өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Фарудин Махмадалиев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Жеңиш парады Бишкек шаарында 7-майда өтүшү мүмкүн
Башкы командачы Алмазбек Атамбаев 9-майда Москва шаарындагы Кызыл аянттагы парадка катыша тургандыктан Жеңиш майрамына карата боло турчу парад 7-майга жылдырылды. Бул күн Кыргызстанда иш күнү болуп саналат.

Махмадалиев билдиргендей, 9-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да Россиянын борбору Москва шаарына барат. Андыктан Душанбеде боло турчу майрамдык парад эки күн алдыга жылдырылды. Тажикстанда дагы 7-май иш күнү болот.

Тажикстандын борборунда боло турчу Жеңиш парадына күч түзүмдөрүнүн эки миңден ашык аскери катышат.

Быйыл 9-майда Улуу Ата мекендик согушта жетишилген Жеңишке 70 жыл толот.

Жаңылыктар түрмөгү
0