Өзгөндө 1,5 миң киши бата турган мечит ачылды

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Өзгөн районундагы айылда Сауд арабиялык жарандын каражатына курулган үч кабаттуу, бир жарым миң киши сыя турган мечит пайда болду.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу "Дөң-Булак" айыл өкмөтүндө  "Макаттул Мукаррама" деп аталган үч кабаттан турган, 1500 адам бата турган мечит ачылды.

Бул иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Ниязали ажы Арипов,  Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдон сырткары ЖК депутаттары катышты.

"Мечитти курууга Сауд арабиялык Саид Аль-Бухарий аттуу аалым доктор демөөрчүлүк кылды", — деп билдирди Ош облустук казыяттын маалымат кызматы. 

Облус казысы Ниязали ажы Арипов мечит жалпы жарандарды ыйманга, ынтымакка чакырып, коомчулукка татыктуу кызмат кылышын кааласа, өкмөттүн өкүлү Сооронбай Жээнбеков мамлекет тарабынан динге өзгөчө көңүл бурулгандыгын, андыктан ачылган мечиттин динди туура жеткирүүдө, ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууда орду чоң болорун белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0