Ош: жөө күлүктөр жарышынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды согуш ардагерлери тапшырды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСоревнования по бегу в городе Ош
Соревнования по бегу в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында Жеңиштин 70 жылдыгына арналган, жалпы эл катышкан чуркоо өттү.

БИШКЕК, 25-апр — Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ош шаарынын борбордук аянтында жеңил атлетика боюнча чуркоо өтүп, жеңүүчүлөргө белек, дипломдорду согуштун ардагерлери тапшырды.

Ошто 7 миңден ашуун шаардыктар тынчтык жөө жүрүшүн өткөрдү
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен кошо шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү чуркады. 

Калаа башчысы Ош шаардык мэриясы ар кандай максаттагы спорттук иш-чараларды колдоого даяр экенинин билдирип, шаар тургундарын жана жаштарды спорт менен машыгууга чакырды.

Чуркоо 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0