Москвага 75 адам учуп кетти.

Москвадагы парадга катышуу үчүн кыргызстандык 75 аскер кызматкери учуп кетти

261
(жаңыланган 13:39 25.04.2015)
Москвада Кызыл Аянтта Жеңиш парадынан өтүү үчүн улуттук гвардиянын жоокерлери Кант шаарынан 13.00дө учуп кетти.

КАНТ, 25-апр. — Sputnik. Кант шаарынан Кыргызстандын гвардиячыларын Москвадагы парадга узатышты. Бул туурасында Sputnik маалымат сайтынын кабарчысы жеринен билдирди. 

  • Москвага 75 адам учуп кетти.
    Москвага 75 адам учуп кетти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Алар — 4 офицер, 1 прапорщик, келишим менен кызмат өтөгөн 18 жоокер жана аскердик милдетин өтөп жаткан 52 жоокерлер.
    Алар — 4 офицер, 1 прапорщик, келишим менен кызмат өтөгөн 18 жоокер жана аскердик милдетин өтөп жаткан 52 жоокерлер.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Аскерлер Звенигород аскердик санаторийине токтошот.
    Аскерлер Звенигород аскердик санаторийине токтошот.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Кыргызстанга 10-майда кайтып келишет.
    Кыргызстанга 10-майда кайтып келишет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Москвага 75 адам учуп кетти.

Аскерлер Москвага кетээр алдында зарыл болгон шаймандарын топтоп, Кант шаарынан 13.00дө учуп кетти. 

Улуттук Гвардиянын маалымат кызматынан Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына билдиргендей, Москвага 75 адам учуп кетти. Алар — 4 офицер, 1 прапорщик, келишим менен кызмат өтөгөн 18 жоокер жана аскердик милдетин өтөп жаткан 52 жоокерлер. Аскерлер Звенигород аскердик санаторийине токтошот. Кызыл Аянттагы параддан өтүү үчүн жалпы машыгууларга катышып, 9-майда аскердик параддан өтөт. 

Алар Кыргызстанга 10-майда кайтып келишет.

261
Белгилер:
Кызыл Аянт, Жеңиш парады, Москва
Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
Тема боюнча
Жеңиш парады Казакстанда 7-майда өтөт
Тажикстанда Жеңиш парады Кыргызстандагыдай 7-майга жылдырылды