Үч жүздөн ашуун жаш чек арачылар ант беришти

Үч жүздөн ашуун жаш чек арачылар ант беришти

64
(жаңыланган 08:55 26.04.2015)
Түштүк аймактагы Ош жана Айдаркен чек ара отряддарынын катары жаңы чек арачылар менен толукталды.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ош жана Айдаркен чек ара отряддарына кошулган 300дөн жаңы жоокерлер мекенге кызмат кылуу үчүн ант беришти. Бул туурасында Чек ара кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ант берүү салтанатына Чек ара кызматынын жетекчилиги, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ардагерлер, жоокерлердин туугандары катышты. 

Чек арачылардын жаңы муундарын кабыл алып жатып, аталган кызматтын Баткен облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жетекчиси, полковник Уларбек Шаршеев аларга ишеним чоң экендигин айтты.

"Чек араны коргоо – чоң сыймык. Ант берүү Мекенге, элге кызмат кылуу дегенди билдирет. Силер, өзүңөргө тагылган милдетти татыктуу аткарасыңар деген ишеним чоң", — деди Шаршеев. 

Чек арачылык кызматка киришкен жаңы жоокерлердин ата-энелери, ардагерлер куттукташты.

64
Белгилер:
Мамлекеттик чек ара кызматы, ант, Уларбек Шаршеев, Ош