Илмияновдун отставкага кетүү боюнча арызына президент кол койду

Жазылуу
Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов расмий түрдө кызматтан бошотулду.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арызына президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ал мындан бир нече күн мурда өз дарегине айтылган жалган каралоолорго чыдаш акыркы кездери кыйын болуп бараткандыктан, кызматтан кетүүнү чечкенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0