Ветеран Великой Отечественной Войны Жумабек Кошмуратов

Кошмуратов: Согуш туурасында тасмаларды көргөндө азыр да жүрөгүм титиреп кетет

70
(жаңыланган 18:22 27.04.2015)
Биздин бүгүнкү каарман Жумабек Кошмуратов согушка ошол кезде өрттөнүп жаткан Украинанын жеринде, Берлинге чейин жеткен. Ал тургай, аталган аймакта бир жылга жакын жаш аскерлерди согуш өнөрүнө үйрөтүп, беш жылдан кийин мекенине кайтып келген.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жумабек Кошмуратовду комсомол уюму башка курбалдаштары менен кошуп, 1941-жылы Чоң Чүй каналын салууга алып келип, бир нече убакыттан кийин "согуш чыкты" деп кайрадан мекенине жөнөтөт. 

Жыйырма бирге чыгып-чыкпай майданга аттанганда согуш менен тынч замандын айырмасын жеткиликтүү түшүнбөгөндүгүн айтып берди.

"Сентябрда аскер комиссариатына тизмеге алып, согушка ноябрдын ортосунда чакырылдык. Ага жаш балдар сүйүнүп жатабыз, жол казгандан көрө согушка барабыз деп. Ата-энебиз, кургатылган жупка, талкан, дагы башка кургак азыктарды салып берип узатты. Жамбылга араба менен жетип, ал жерден Казакстандын Акмолосуна келип түштүк. Кычырыган кыш, тартип башка, аскердик тамак-аш ичип, кошумча согуш өнөрүнө үйрөнө баштадык. Ошол жерден чоң турмушка бетме-бет келдик окшойт. Аскердик жашоо менен канал казган эки бөлөк турбайбы деп ойлодум ичимден", — деп эскерди Кошмуратов.

Кичи командирликтин бир жылдык курсун окуп, жазга жуук азоо аттарды согушка салганга үйрөтүп, апрелде, айлана гүлдөп турганда Украинанын Воронеж шаарына согуштун очогуна келип түшөт. 

"Ал жерде согуш катуу болуп турган экен. Асмандан бомба таштаган самолёттор кимдики экенин айрып болбойт, октор жаныңдан кайып учуп, жер кадимкидей эле күйүп жатат. Темир жолдун жээгинде майданга деп жөнөткөн дан эгиндер тизилип турат. Бир станцияга келип жеткенде эле биздин составга бомба түшүп, алдыңкы төрт-беш вагон жарактан чыгып, аскерлердин ичинен өлгөндөрү, жаракат алгандары болду. Ал жерге эки сутка туруп калдык, аттар да, биз да ачкабыз. Эптеп жөрмөлөп барып, алыстан тутамдап аттарга чөп жулуп келебиз. Аттар карышып калса, алардан ажыраган турабыз да. Эшалондун жетекчиси казак жигит эле ары-бери чуркап жүрүп, кавалердик отрядга аттарды түндөп өткөрдүк. Андан кийин өлгөн жоокерлерди ташып келип, жерге бердик", — деп айтып берди согуштун ардагери. 

Жумабек аксакал кезектеги салгылашта Украинанын Житомир шаарынан оор жарадар болот. 

"Кудай бетин салбасын, немистердин негизги күчү ошол жерде экен. Толтура камыш, атышканын атышып, штык менен сайышып жатабыз. Көп адамдар окко учту. Бир сааттай кызыл кыргын болду, бир убакта оң ыптам сыздай түшүп, карасам, ийинимди алып кетиптир, жыгылып баратканымды бир билем, калганы эсимде жок. Бирок күн батып бара жатканы эсимде. Киевдеги госпиталга, андан кийин оор жарадар деп Москвага жиберип, 3 ай дарыландым", — деп айтып берди. 

Ардагер биз менен болгон маегинде анын өмүрүн арачалап калган Калужская деген көчөдө жайгашкан госпиталь азыр бар-жогун билбей турганын айтты. Немистерден бошотулган шаарлар туурасында радиодон күндө кечинде маалыматтарды палатада ар кайсы улуттар кубануу менен угар эле дейт ал. Жараты айыгып, тыңып калгандан кийин Жумабек ата Польшада кайрадан согушка кирет. 

"Польшада да айыгышкан салгылаш болду….4-5 сааттык убакыт алчу, траншеядан, окоптон, дегеле согуш талаасынан алып чыгып курман болгондорду жерге беребиз", — деп эскерди ал оор күндөрдү.

"Согуштун аягында немистер айбат кыла албай калды" 

Биздин каарман Польшанын Белосток шаарында экинчи ирет жарадар болуп, дарыланып чыккан соң үчүнчү жолу кайра согушка кирип, Берлинге жакындап, Кюстрюн шаарын курчоого алууга катышат. 

"Немистер анча айбат кыла алган жок, чарбактардан атылган октун үнүн угууга болот эле. Байкасак, жаш балдар. Текшерсек, курал-жарактарын балдарына берип, өздөрү жер төлөгө жашынат экен. Балдарга тийбей турганыбызды билишсе керек. Антип жашынып алгандар толтура, алып чыга баштаганда чырылдап ыйлаганы бар, корккондору андан көп", — деп эскерди ал күндөрдү Кошмуратов. 

1945-жылдын май айынын башында Одер дарыясын кечип өткөндөн кийин "Жеңиш" деген сөздү уккан. Ал учур туурасында ардагер аксакал төмөнкүлөрдү айтып берди. 

"Жеңдик, согуш бүттү" дегенде бири-бирибизди кучактап алып ыйладык. Тааныган-тааныбаганыбыз деле бири-бирибизди куттуктап жүрөбүз, көзүбүздүн жашы тыйылбайт", — дейт Кошмуратов.

1945-жылдын 15-майынан тарта алар турган Штайнен шаарынан алгач дарыгерлерди, механизаторлорду, мугалимдерди демобилизация кылып баштаган. Экинчи этап менен кыска мөөнөткө эс алууга жиберилген жоокерлердин ичинде Жумабек Кошмуратов да болгон. 

Эс алгандан кийин, кайрадан Штайненге жаш жоокерлерге согуш өнөрүн үйрөтүү үчүн жөнөтүлүп, 1946-жылы апрелде мекенине биротоло кайтып келген. 

Биздин каарман тынчтык жылдарында колхоздо иштеп жүрүп, анан пенсияга чыккан, балдарынын, неберлеринин сүйүктүү атасы жана чоң атасы. 

Согуш талаасындагы беш жыл ичинде 3 ирет жаракат алып, бир жолу контузия болгон. 

"Көп нерселерди башыбыздан өткөрдүк, балам. Жакшылык күнгө жеткенде адам баласы кыйын күндөрдү, жаманчылыкты унутуп калат экен. Азыр 92ге келдим. Мындан ары өлкөбүздө тынччылык болсун, балдар жамандык көрбөсүн. Согуш деген жаман. Балдар кызыгып согуш туурасындагы тасмаларды көргөндө жүрөгүм титирейт. Ушундай жерден аман калганыма кээде таң калам. Канча жерди бастык, канча сууну кечтик, канча сазга тыгылдык, канча суукка калдык", — дейт Кошмуратов. 

Аксакал, буюрса, Жеңиштин 70 жылдыгын тоскону тургандыгын айтып, эл-журтка бейпилдик жана береке тиледи.

70
Белгилер:
согуш ардагерлери, согуш, Жеңиштин 70 жылдыгы, Жумабек Кошмуратов
Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)