Телеберүү. Архив

Санариптик телеберүүгө өтүү боюнча маалыматтык кампания башталды

203
(жаңыланган 18:24 27.04.2015)
Кыргызстан санариптик телекөрсөтүүгө өтүү боюнча улуттук маалымат кампанияны баштады.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанда атайын кампаниянын алкагында санариптик телеберүүгө кошулуу боюнча калкка маалымат берүүдө кенен иштер өткөрүлөт, Бул багытта бир катар маалыматтык телеберүүлөр жана радио уктуруулар даярдалып, www.sanarip.kg сайты ишке киргизилди. 15-майдан тартып 1212 номери боюнча сурап-билүү телефону иштеп баштайт — стационардык телефондордон жана Мегаком, Билайн, О! Операторлорунун номерлеринен акысыз чалса болот.

Буга тийиштүү болгон негизги министрликтердин өкүлдөрү да өлкөнүн бардык аймактарына санариптик маалымат кербени менен кошо барып, ал эми кампаниянын аймактык өкүлдөрү менен көмөкчүлөрү коомдук иш-чаралар, плакаттар, китепчелер, демо-көрсөтмөлөр аркылуу жер-жерлерде калкка маалымат жайылтышат. 

Санариптик берүүгө өтүү процесси глобалдуу мүнөзгө ээ. Эл аралык электр байланыш биримдиги (ЭЭБ) аналогдук телеберүүнү Европа жана Борбордук Азиянын айрым бөлүгү кирген аймакта 2015-жылдан кеч эмес өчүрүүнү белгилеген. Ошентип, мунун зарылчылыгы эл аралык милдеттемелерден келип чыгууда, себеби дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери ЭЭБге кирет. Кыргызстан бул биримдикке 1994-жылдан бери мүчө.

203
Белгилер:
санариптик телекөрсөтүү
Тема:
Кыргызстанда санариптик телеберүүгө өтүү (17)