Эскертүүлөр жазылган такталар. Архив

Кыргызстанда жыл сайын иш учурунда кырсыктан 50 киши каза болот

17
(жаңыланган 11:21 28.04.2015)
Кыргызстанда 2014-жылы иш учурунда 130дун тегерегиндеги ар кандай кырсыктар катталса, анын 50сү адам өмүрүн алып кеткен.

БИШКЕК, 28-апр. – Sputnik. Иштеп жатып кырсыктагандардын саны орто эсеп менен 120-130дун тегерегинде болсо, мунун ичинен 50 киши каза болот. Бул туурасында Кыргызстандагы Тоо-металлургиялык кесиптер кошуунунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев кабарлады.

"Кыргызстанда кырсыктуу делип тоо кенин иштетүү, курулуш, трнаспорт жана энергетика тармактарын эсептесе болот. Жогоруда биз айткан сандар эсеп-чотко алынганы гана. Кесиптик кошуундар жок ишканаларда иштегендер өздөрүнүн эмгек укуктарын биле беришпейт, жана мындай кырсык болгон учурда ал ачыкка чыкпаган бойдон калууда", — деди Тажибаев.

Ал эми масштабдуу түрдө алып карасак, дүйнөдө күнүнө 5 миңден ашуун кырсыктар болсо, анын ичинен 1000ге жакынында адамдар курман болуп калат. Эмгек боюнча эл аралык уюмдун маалыматында, жылына мындай кырсыктардын саны 2,3 миллионго жетет. 

Тажибаев иш учурунда болгон кырсыктарды көбүнүн себеби адамдык факторго байланыштуу экендигин айтты. Негизги себептер иштеги коопсуздук эрежелерин сактабоо, коргонуучу жеке каражаттар, материалдар, тетиктер менен камсыз кылбай коюу, жумушчунун коопсуздукту сактоо эрежелерин сактоосун көзөмөлдөн чыгаруу жана жумушчуларды окутууга маани бербей коюу экендигин кошумчалады.

Мындай кырсык жакында эле Бишкектин чок ортосунда жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунун ичиндеги лифтти алмаштырып жаткан учурда болуп, арканы үзүлүп кетип, эки жумушчунун өмүрү кыйылган.

17
Белгилер:
лифт, кырсык, Айчүрөк соода борбору, Элдар Тажибаев