Кыргызстандын желектери. Архив

ТүркПАнын мүчөлөрү Бишкекте IV отурумга чогулат

37
(жаңыланган 11:24 28.04.2015)
Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын парламент өкүлдөрү Кыргызстанда жыйынга чогулат.

БИШКЕК, 28-апр. – Sputnik. Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Укуктук маселелер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясынын IV отуруму 29-апрелде Бишкек шаарында болот. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумда ТүркПАнын курамындагы өлкөлөрдүн шайлоо системаларынын укуктук өңүттөрү, шайлоодо эл аралык байкоочулардын катышуусун уюштуруу маселелери талкууланат. Отурумга аталган урамга мүчө өлкөлөрдүн — Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын парламент өкүлдөрү катышат. 

Кыргызстандагы иш сапарынын учурунда алар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, гүл чамбар коюшат.

37
Белгилер:
Ата-Бейит мемориалдык комплекси, ТүркПА, Бишкек, Кыргызстан