Президент коррупция энергетика тармагынын кендирин кесип жаткандыгын айтты

Жазылуу
Энергетика тармагына арналган Коргоо кеңешинин жыйынында Атамбаев аталган тармактагы азыркы башкаруунун начардыгы жана коррупция, чинвониктердин тыйылбаган алкымы көп көйгөйдүн башы болуп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 28-апр. – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин Коргоо кеңешинин жыйынында азыркы энергетика тармагын башкаруу системасы энергетикалык коопсуздук маселелерин чечүүгө жараксыз болуп калгандыгын айтты. 

"Тармакты туура, эстүү башкаруу зарылдыгын да көрүп турабыз. Ар тараптан терең талдоо, бир канча жылдарга божомолдорду түзүү жана ошого жараша чечимдерди кабыл алуу аркылуу энергетикалык тармакты үзүрлүү иштетсек болот. Ачык айтканда, тармакты башкаруунун азыркы системасы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга жараксыздыгын көрсөттү", — деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы коррупция аталган тармактын кендирин кесип жаткандыгын айтты. 

"Коррупция да бул тармакты өнүктүрбөй, четинен ыдыратып жатканы белгилүү. Энергетикадагы эбегейсиз каржы агымдары, анын ичинде мамлекеттик сатып алууларга багытталган агымдар тармактагы чиновниктердин көзүн кызартып, алкымын тыйдырбай жатат", — деди мамлекет башчысы.

28-апрелде "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Өлкөнүн экономикасынын электроэнергетикалык секторунун абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн чаралары жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" деген аталыштагы Коргоо кеңеши өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0