Кара-Суу: Шарк айыл өкмөтүндө 3 кабаттуу мечиттин курулушу башталды

© Фото / пресс-служба КазыятаКара-Суу: Шарк айыл өкмөтүндө 3 кабаттуу мечиттин курулушу башталды
Кара-Суу: Шарк айыл өкмөтүндө 3 кабаттуу мечиттин курулушу башталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Суунун Шарк айыл өкмөтүндө үч миң адам бата турган үч кабаттуу борбордук мечиттин жерпайы түптөлдү.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн борбордук Сармазар-Нур мечитинин жерпайына капсула салынып, курулуш иштери башталды. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.

Борбордук мечиттин баш имамы Абдирахим Нишановдун айтымында, мечит үч кабаттан туруп курулуш аянты алты сотых жерди ээлейт жана 3000 адамга ылайыкташтырылууда. Мечиттин курулуш долбоорун бүткөрүү алты айлык мөөнөткө пландаштырылып, Сауд Аравиялык демөөрчүлөр көмөк көрсөтүүдө.

Жакында эле Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу "Дөң-Булак" айыл өкмөтүндө үч кабаттуу, 1500 адам бата турган мечит Сауд арабиялык жарандын каражатына курулуп, пайдаланууга берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0