Бишкекте өтчү "Жеңиштин жаш мураскерлеринин парадына" алты миң окуучу катышат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүБишкектеги Жеңиш аянты. Архив
Бишкектеги Жеңиш аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар театрлаштырылган оюн-зоок даярдашкан. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган бул иш чарага өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев баштаган аткаминерлер катышары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттар 4-майда "Ала-Тоо" аянтында мектеп окуучуларынын парады менен баштала турганын КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарында студенттер согуш ардагерлерине жардам берүү акциясын баштады
Бул күнү "Ала-Тоо" аянтында мектеп окуучуларынын масштабдуу театрлаштырылган "Жеңиштин жаш мураскерлеринин парады" салтанаты өткөрүлөт. Майрам алдындагы Жеңиштин жаш мураскерлеринин парадына 6 миң окуучу катышат.

Бишкек мектептеринин окуучулары, балдардын чыгармачыл белгилүү коллективдеринин тарбиялануучулары, аскердик лицейлердин курсанттары, жаш спортчулар согуш ардагерлерине жана чакырылган меймандарга кооз жана масштабдуу театрлаштырылган оюн-зоок даярдашкан.

Параддын жүрүшүндө түрдүү эпизоддор көрсөтүлөт. Салтанатка президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев баштаган бийлик өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Бул иш чара КТРК аркылуу түз көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0