Жеңиш эстафетасы Нарындын чек арачыларына келди

© Фото / пресс-служба ГПСЖеңиш эстафетасы Нарындын чек арачыларына келди
Жеңиш эстафетасы Нарындын чек арачыларына келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата КМШ алкагында өтүп жаткан Жеңиш эстафетасы Кыргызстандын аймактарында уланууда.

БИШКЕК, 4-май – Spitnik. КМШ алкагында жүрүп, Кыргызстанга келген Жеңиш эстафета символу Караколдо өтүп, 4-майда Нарын шаарында болот. Бул туурасында Чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жеңиш эстафетасы ЕАЭБнын түштүк-чыгыш алдыңкы постуна келет
Кыргызстан Жеңиш эстафетасынын символун кыргыз чек арачылары казак чек арачыларынан 2015-жылдын 2-майында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Актилек-автоунаа" көзөмөл өткөрүү жайында салтанаттуу түрдө кабыл алган.

Быйыл Жеңиш эстафетасы 2015-жылдын 2-февралында эки багытта – Брест (Белоруссия) жана Мурманск (Россия) шаарларында сапар алган. 

Эстафета КМШнын тышкы чек аралары аркылуу өтөт жана анын жүрүшү Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган. 

Кыргызстандын аймагында Жеңиш Эстафетасы 2015-жылдын 2-7 май аралыгында Каракол, Нарын, Балыкчи, Бишкек, Ош жана Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында өтөт. 

Бишкекте өтчү "Жеңиштин жаш мураскерлеринин парадына" алты миң окуучу катышат
Бул шаарларда Жеңиш Эстафетасын тосууга арналган митингдер, салтанаттуу иш-чаралар, ардагерлер менен жолугушуулар, Ачык эшиктер күнү, Эрдик сабактары, тегерек столдор, тематикалык кечелер, көргөзмөлөр өтүп, профессионал артисттер жана өздүк чыгармачыл жамааттар сахнада өнөр тартуулашат. 

2015-жылдын 5-майында Жеңиш Эстафетасынын символу Бишкек шаарына алынып келип, ага байланыштуу борборубуздун Жеңиш аянтында митинг болот.

2015-жылдын 7-майында Кыргызстандын чек арачылары Жеңиш эстафетасынын символун "Бордобо-унаажол" көзөмөл өткөрүү жайында Тажикстандын чек арачыларына өткөрүп беришет.

"Жеңиш Эстафетасы" масштабдуу аскердик-мекенчилдик акциясы 2015-жылдын 28-майында Москва шаарындагы "Поклонная гора" жеринде соңуна чыгат. 

Бул иш-чара КМШда алтынчы жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин эстафета 1998-жылы Чек ара аскерлеринин 80 жылдыгынын, 2000-жылы – Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 55 жылдыгынын, 2001-жылы – Улуу Ата-Мекендик согуштун башталышынын 60-жылдыгынын урматына өткөн. 2008-жылы КМШ өлкөлөрүнүн чек араларын бойлой Достук Эстафетасы өткөн. Кыргыз чек арачылары бул иш-чараларга активдүү катышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0