Беш-Күнгөй айылында Жеңиштин 70 жылдыгына карата "Георгий тасмасы" акциясы өттү

© Sputnik / Михаил РогожинБеш-Күнгөй айылында георгий тасмасын таратуу акциясы.
Беш-Күнгөй айылында георгий тасмасын таратуу акциясы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үчүнчү класстын окуучусу Жанара ардагерлердин көзүндөгү жашты көрүп, бул символ алар үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнгөнүн айтат.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Мультимедиалык маалымат-аналитикалык ресурсу Sputnik Кыргызстан Жеңиштин символу болгон – Георгий тасмасын таратуу акциясын өткөрдү. 

Sputnik сайтынан "Георгий тасмасы" акциясы
Акция Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылында Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эскерүү иш чарасы менен коштолду.

Улуу Жеңиштин символу ардагерлерге, мектеп окуучуларына жана айылдын тургундарына таратылды.

Үчүнчү класстын окуучусу Жанара митинг-реквиемге катышкандардын төшүнө тасма тагууга берген мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирди.

"Ардагерлердин көзүндөгү жашты көрүп, бул символ алар үчүн канчалык маанилүү экенин түшүндүм", — деди ал.

Митинг-реквием Советтер союзунун баатыры Ленинград фронтунун 566-авиациялык полкунун учкуч-штурмовиктери Исмаилбек Таранчиев менен Алексей Ткачевдин оңдолгон эстелигин ачуу салтанатынын урматына өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0